Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

ЖККУнун атайын багыттагы тобу түзүлүүдө


БИШКЕК. Коллективдүү коопсуздук келишими уюму өзүнүн атайын багытта иштөөчү күчтөрүн түзөт. Мындай маалыматты бүгүн «Кабар» агенттиги уюмдун башкы катчысы Николай Бордюжанын «Независимая газетага» берген интервьюсуна таянып таратты. Ал маалыматка караганда, уюмдун тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрүн пайдалануу багытын кеңейтип, атайын операцияларды аткарууга да колдонууга болот. Андай багыттагы топко баңги соода жолдоруна көзөмөлдүк кылуу жана баңги заттар сактала турган аймактардын жолун тосуу милдети жүктөлөт. ЖККУнун атайын тобу андан тышкары террорчул топтордун, диний уюмдардын жана курал соодалоочулардын аракеттерине каршы күрөш жүргүзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG