Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Наааразылык пикет учурундагы аракеттер талкууланууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги “Достук” мейманканасында «Эларалык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун «Тартип коргоо органдары менен атуулдук коомдун нааразылык акциялары учурунда биргелешип аракеттенүүсү» деген долбоорунун алкагында “тегерек стол” жыйын болду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, тартип коргоо органдарынын, саясий партиялардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. “Тегерек столдо” тартип коргоо органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Чолпоната шаарындагы аталган маселе боюнча жолугушуусунун жыйынтыгы каралды. “Тегерек столдун” катышуучулары мындай жолугушуулар бардык тараптарга пайдалуу экенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG