Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга айрым депутаттар нааразы


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны 12-февралда кабыл алган «Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам чийки жана анын бир катар беренелери Конституцияга карама –каршы келет. Мындай билдирүүнү бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Зайнидин Курманов менен Оксана Малеванная “АКИ-пресс” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жасашты. Алардын пикири боюнча, мыйзам дискриминацияга жол ачып, бийликке жакпаган адамдарды жазалоочу курал болот. Ага президент кол койсо депутаттардын тобу Конституциялык сотко арыз жолдошот. Андай кадамга «Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын Конституциянын 5-,16- жана 17-беренелерине карама-каршы келиши негиз берет. «Эгер Конституциялык сот дагы акыйкат чечим чыгарбаса эларалык сотторго чейин арызданууга даярбыз», - деди Зайнидин Курманов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG