Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

ОЛИМПИАДАЛЫК КЕЧЕ НАМЫСТЫ ОЙГОТОТ


Ар жыл сайын олимпиадалык бал салтанатын өткөрүү салтка айланган. Өткөн жумада Алматыда Казакстандын олимпиада комитети ушундай салтанат өткөрдү. 15- февраль, жекшемби күнү Бишкекте олимпиадалык кече өтмөкчү, азыр ага даярдык көрүлүп жатат.

Дүйнөнүн 200дөн ашык өлкөлөрү быйыл жайында Грециянын Афины шаарында өтчү жайкы олмипиадалык оюндарга кызуу даярдык көрүп жатышат. Орусиянын өкмөт башчысы бул маанилүү окуяга өзгөчө басым жасап, олимпиадалык таймашта алтын медаль жеңип берген спортчунун ар бирине 100 миң доллардык байге белгиледи. Ал түгүл орустун патриот бай адамдары “алтын байге үчүн 1 млн. доллар беребиз” дешип спортчуларды ээликтирип койду.

Коңшу Казакстандын өкмөтү да Афины олимпиадасында казактын көк туусун обого көтөрүп, чемпион аталган спортчусуна 100 миң доллардын сыйлык белгиледи. Алматыда өткөн олимпиадалык кечеде Афины олимпиадасына катышууга укук алган бардык спортчуларга машыгууга шарт түзүлүп жаткандыгы айтылды. Ар бир обулустун, ал түгүл райондун акимдерине чейин олимпиадачыларга камкордук көрүп жатканы үлгү аларлык. Казактын ишкер адамдары да алтын байгеге бирден жеңил машина коюп, кошумча байгелер да болоорун айтууда.

Мисалга алсак, Атланта олимпиадасында Казакстанга грек- рим күрөшүнөн алтын байге утуп берген жердиги кыргызстандык Юрий Мельниченкого президент Нурсултан Назарбаев 100 миң доллар байге жана кымбат баалуу чет элдик жеңил машина берсе, казак ишкерлери дагы кошумча 100 миң доллар жана 6 жеңил машинаны белек кылышкан. Эгерде Кыргызстандын атын чыгарса мындай байге алаары күмөн эле. Шериктеш мамлекеттердин айрымдарыболсо “алтын байге үчүн 50 миң доллардан беребиз” дешүүдө.

Кыргыз өкмөтү Афины олимпиадасына даярдык көрүү жана катышууга шарт түзүү үчүн уюштуруу комитетин түзүп койгону менен алгылыктуу аракет көрүлө элек. Алдыңкы спортчулар 4-5 айдан бери стипендияларын алыша элек.

Ɵткөн жылы кыргыз өкмөтʏ Афины олимпиадасына 44 жолдомо жеңип алуу милдетин алдыга койгон. Бирок, учурунда каражат бөлʏнбөгөндʏктөн көпчʏлʏк спорт тʏрлөрʏнөн Азия, дүйнө чемпионаттарына кыргызстандык спортчулар барбай, олимпиадага жолдомо жеңʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнөн ажырап калышкан. Салыштырып көрсөк, Сидней олимпиадасы болордо 2000-жыл жаңырганда кыргызстандык спортчулар 19 жолдомонун ээси болгон. Кийин аларга дагы кошумча 32 спортчу кошулуп, бардыгы 51 спортчу Синдей олимпиадасына катышкан .

Ал эми азыркы учурда Кыргызстандык 7 спортчу гана Афины олимпадасына баруу укугуна ээ. Олимпиадалык кечеде аларга жайкы олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн ырасмий сертификат тапшырылат. Кеченин уюштуруучусу, Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Эшим Кутманалиев мындай дейт:

- Кыргызстандын олимпиадалык кыймылына чоң салым кошкондорго олимпиадалык орден, медалдар ыйгарылат. Мисалы, өлкөнүн тарыхында олимпиадалык оюндарга биринчи катышкан ат спортчу Сайботтал Мурсалимов менен Москва олимпиадасында марафон жарышында коло байге уткан Сатымкул Жуманазаровго “Олимпиадалык орден” тапшырылса, кыргыз спортуна эмгеги сиңирген бир топ спорт ардагерлерге “ олимпиадалык медаль” берилет. Алардын катарында Тобокел Мамыров, Кайып Оторбаев, Сапаргалы Көпбаев, Зарылык Аманкулов жана башкалар да бар.

Алдыда дагы олимпиадага катышууга жолдомо берʏʏчʏ Азия, дүйнө чемионаттары, эларалык Гран-при мелдештери турат. Аларда жеңишке жетишкендерге гана жолдомо берилет. Ушул жылы апрелде Алматыда оор атлетика боюнча Азия чемпионаты болмокчу. Мында дагы биринчи орунду уткандар Афины олимпиадасына барышат. Буга да өлкөнүн оор атлетчилери даярдык көрʏп жатышат. Спорттун азыркы беш тʏрʏнөн да, сууда сʏзʏʏ боюнча суучулар, мергендер,балбандар дагы жайга чейин олимпиадага баруу укугуна ээ болуп калышы да ыктымал. Ал ʏчʏн каражатты өз учурунда берип, камкордукка алуу менен, жакшы шарт тʏзʏү зарыл.

Грек-рим кʏрөшʏ боюнча Атланта жана Сидней олимпиадаларына катышкан Азиянын 2 жолку чемпиону, дʏйнө биринчилигинин коло байге ээси Раатбек Санатбаев олимпиадалык кеченин мааниси жөнүндө өз пикирин мындайча билдирди:

- Олимпиадалык кечеде спортчулар жана машыктыруучулардын бир жылдык ишинин жыйынтыгы чыгарылат. Анын үстүнө Афины олимпиадасынын алдында мындай салтанат спортчулар үчүн жаңы дем берип, жеңиштерге шыктандырат. Кыргыз экенинди унутпай, намысты туу тутуп, өлкөнү даңазалоо керектигин, жоопкерчиликти сезесиң.

Кыргызстандын олимпиадалык кыймылына демөөрчү болгон ишкерлер деле жокко эсе. Башка мамлекеттердин өрнөгүн алып, кыргыз спортчуларынын көкүрөгүнө от тутандырып, демөөрчү болуп, өз фирмасынын да атын чыгарып, кыргыздын туусун дагы көкөлөтчү азаматтар чыгаарына ишеним кылалы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG