Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Вашингтондо Иран өзөктүк курал жасоого аракет жасап жатат деп эсептейт


ВАШИНГТОН. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти президент Жорж Буштун “Иран өзөктүк куралдарды жасоо боюнча программасын улантууда” деген пикирин колдоого алды. Кечээ АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер “Иран кеңири кыргын салуучу куралды жасоо боюнча максатынан тайбай жатат” деп билдирди. Баучердин айтымында, МАГАТЭнин өкүлдөрүндө Иран байытылган уранды иштетүү боюнча долбоорун өзөктүк куралды жасоого багыттап жаткандай таасир бар. Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Камаль Харрази “ырасмий Тегеран эл аралык эксперттерге Ирандын ядролук программасы тынчтык максатка гана багытталганын далилдей турган баардык маалыматтарды берүүгө даяр” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG