Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

ИРАКТАГЫ КЫРДААЛДЫН КЫЯБЫ ӨЗГӨРДҮ


Ирактагы кырдаалды байкап-багып турушкан эксперттер соңку кездерде эки жагдайга көңүл буруп жатышат. Биринчиден, коалициялык бийликтер менен кызматташкан ирактыктарга каршы кыянатчылыктар күчөдү. Экинчиден,мындан бир жылдай илгери америкалыктардын Ирактагы аскерий интервенциясын алакан чаап кубатташкан жергиликтүү тайпалар, айрыкча шийиттер арасында чет элдик аскерлерге куйкасы курушкан маанай ачык байкала баштады.

Эл-Фаллужа калаасында ишемби күнү куралдуу топ полициянын жана шаардык бийликтин кеңсесине кол салып, жыйырма бир адамды жайран кылды. Окко учкандардын он төртү полицмен, калгандары жөн эле көчөдө бараткан кишилер дешет. Кагылышка катышкан полицмендердин бири ырастагандай, кол салгандар бет маңдай тараптан ок жабылтышкан. Айыгышкан атыштарда алардан үчөө өлдү. Айрым маалыматтарда куралдуу топ полиция кеңсесин жарым жаатка басып алганы, аерде камалып жаткан жолдош-жоролорун бошотуп алып, көздөн кайым болушканы айтылат.

Кандай болгон күндө Эл-Фаллужадагы кагылыш кайгылуу статистиканы толуктады: ушуну менен жергиликтүү тургун калк арасында 1-январдан бери эле бөөдө өмүрү кыйылгандардын саны 260ка жетти. Америкалыктар болсо акыркы он бир айдын ичинде 350дөн ашуун жоокерин жоготту. Ушул эле Эл-Фаллужада мындан бир күн мурда америкалык контингенттин башкы колбашчысы генерал Жон Абизаиддин автокербени аткыланган эле.

Мунун баары, айрым апаздарга ылайык, Иракта антиамерикалык маанайдын күч алып баратканын билдирет. Аятолла ал-Систани жетектеген шийиттер кыймылынын Багдаддагы өкүлү шейх Абд ал-Жаббар акыркы окуяны Искандерия шаарында болгон кыянаттын кырпымасы катары баалады. Бирок муну жалпы шийиттердин маанай-максатына жоруганга болбойт. Шейх ишендиргендей, калктын көбү америкалыктардын Ирактан кетишин каалайт, ошол эле учурда жалпы элдин баары, айрыкча шийиттер аларга жапырт кастарын тигип калды деп айтканга болбойт.

Ал эми Ирактын башкаруучу кеңешинин мүчөсү, күрттөрдүн өкүлү Махмуд Отман түштүктөгү шийиттердин антиамерикалык маанайы өсүп жатканын реалдуу иш деп эсептейт. Бул өзгөчө массалык демонстрацияларда таасын көрүндү. Мындай иштердин болуп жатканы, албетте, өкүнүчтүү, ошол эле учурда антиамерикалык ураандар, атүгүл азыркы башкаруучу кеңешке каршы нааразылыктар арбын угула баштаганында биресе жүйөө бар. Эмнеге дегенде өлкөдөгү коопсуздук үчүн азыр америкалыктар менен башкаруу кеңеши жоопкер, деп кошумчалады Отман.

Жагдайга Ирактагы шайлоо талашы да кошумча болууда. ООНдун эксперттер тобунун башчысы Лахдар Брахими бу маселенин өзгөчө мааниси бар экенин белгилеп, бирок ишти жакшылап уюштуруп, шайлоону ишеним жараткыдай кылып өткөрүү андан да кем калбаган мааниге ээ болорун эскертти. Деген менен Брахими шайлоонун так датасын азырынча аныктоонун кажети жок деген ойдо.

Брахиминин өкүлү Ахмед Фаузи 30-июнга чейин Иракта шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү кантсе да күмөндүү экенин моюнга алды. Фаузи азыркыдай шартта көптөгөн себептерге байланыштуу, анын ичинде коопсуздук жүйөөсүнөн улам шайлоону уюштуруу өтө кыйын болорун белгилеп көрсөттү.

XS
SM
MD
LG