Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

ООГАН СОГУШУНУН МААРАКЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан 15 жыл мурда, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылган. Бул маараке дээрлик бардык мурдагы советтик жумурияттарда белгиленүдө жана саясатчылар дагы ал согуштун жыйынтыктарын чыгарып, анын кесепеттерине баа берүүдө.

Тогуз жыл эки айга уланган Ооган согушу ири саясий окуяга да айланган жана анын кесепеттери эмгиче жоюла элек. 1980-жылы Маскөөдө өткөн Олимпиаданы бир топ дүйнө мамлекети дал ушу согуштун айынан бойкоттогон. Кийин, СССРдеги бийликке Михаил Горбачев келгенде, 1988-жылы Женевада атайын ири эл аралык жыйын болуп, анда кабыл алынган келишим боюнча, СССР өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүүгө милдеттендирилген жана 1989-жылдын 15-февралынан кийин өлкөдө бир да советтик солдат калбаш керек деп макулдашылган.

Бирок согуш учурунда ооган мужахеддиндерине Пакистан аркылуу ири аскерий жардам көрсөтүп келген Америка Кошмо Штаттары 1989-жылдан тартып өлкөгө эч кандай тийешеси жок катары аракеттене баштаган жана кээ бир эксперттердин пикиринде, аны менен Вашингтон ката кетирген. АКШнын Карнеги фондунун эксперти Анатол Ливендин айтымында, эгер АКШ башкача аракеттенгенде, согуштан кийинки Ооганстандагы абал такыр бөлөк болмок: "Советтик аскерлер чыгып кеткенден кийин, 1990-жылдарда АКШ дагы Ооганстанга кызыкпай калды жана 'ал-Каида' уюму проблема жарата баштаганга чейин ага эч көңүл бурган жок. Эгер Вашингтон Ооганстандагы абалга кызыгып, ага жардам көрсөтүүнү саясий максатта пайдаланып, дипломатияны дагы колдонуп, кошуна Пакистанга басым жасаганда, менин оюмча, жыйынтык таптакыр башка болмок".

Натыйжада куралга жык толгон ооган коому жааттарга бөлүнүп, ар бир коктудан генерал чыгып, өлкөдө ич-ара согуш башталды. 1992-жылы өзбек генералы Абдул Рашид Достум өкмөткө колдоо көрсөтүүнү токтоткондо, СССР коюп кетген президент Нажибулла бийликтен кулатылды, анын ордуна келген тажик Бурхануддин Раббани болсо элди бириктире алган жок. 1992-жылдан 1996-жылга чейинки ич-ара согушта 50 миңге жакын адам курман болду жана борбор калаа Кабулдун 70 пайызы кыйрады. Анын жыйынтыгы катары бийликке талибдер келди жана алар эл аралык террорчулуктун ордосун Ооганстанда жайгаштырууга жол берди.

Советтик аскерлер менен согушкан тогуз жыл ичинде болсо, бир миллионго жакын ооган өлтүрүлгөн, өлкө калкынын үчтөн бири - беш жарым миллион адам өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон жана дагы эки миллион тургун өлкөнүн ичинде жер которгон. Бардыгы болуп Ооганстанда 15 миң советтик аскер каза тапты жана алардын ичинде 259 кыргыз жараны да бар. Тогуз жыл ичинде Ооганстанга Кыргызстандан жети миңден ашык жигит барып согушуп келген.

Маараке бардык мурдагы советтик жумурияттарда белгиленип, курман болгондор азыр эскерилүүдө. Ооган согушу советтик коомго катуу таасир тийгизген, ооганчылар деген өзүнчө коомдук катмар да пайда болду. Кээ бир саясатчылардын пикиринде, бул согуш - СССРдин чачырашына да өзгөчө салым кошту, анткени согушту баштаган советтик жетекчилердин саясатын ашкереледи. 1917-жылдагы төңкөрүштөн кийин Кызыл армия алгачкы жолу согушта утулганы дагы советтик коомго таасир тийгизбей койгон жок. Америкалык эксперт Пол Гоблдын айтымында, Маскөөнүн Ооганстандагы аракеттеринен майнап чыкпаганын көргөн орустардан башка советтик элдер жана алардын жетекчилери - Советтик бийлик түбөлүк эмес экени тууралуу ойлоно баштады. Кремил саясатчыларына каршы орус коомунда дагы каршылык пайда болуп, өнүгө баштады.

XS
SM
MD
LG