Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:30

Катардын бийликтери Чеченстандын мурдагы президенти З.Яндарбиевдин бейажал өлүмүнө алып келген окуяны иликтөөгө киришишти


Яндарбиев жума күнү Катардын башкалаасы Дохада машиненин ичиндеги бомба жардыруусунан каза тапкан. Анын 13 жашар уулу оор жараат алып, ооруканада. Орусиянын коопсуздук кызматтары чечен сепаратисттеринин көрүнүктүү өкүлүнүн өлүмүнө тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагууда. Чеченстандын Москва колдогон лидери Ахмад Кадыров Яндарбиевди "чечен козголоңчуларынын башкы идеологу" жана "террорист" деп атады. Зелимхан Яндарбиев 1996-жылы чечен президентинин милдетин аткаруучу катары Орусия менен сүйлөшүүлөргө катышкан, акыркы 3 жыл аралыгында ал Катарда жашаган. Орусиянын өтүнүчү боюнча аны өткөн жылы Бириккен улуттар уюму "Ал-Каида" уюму менен байланышы бар адамдардын тизмесине кошкон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG