Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

Ирактын Фаллужа калаасында козголоңчулардын кол салуусунан 20дан ашуун адам набыт болду


Фаллужада козголоңчулар бүгүн полиция бөлүмү менен Ирактын атуулдук коргонуу корпусунун имаратына чабуул коюп, кеминде 21 кишини өлтүрүп, дагы 30дай адамды жарадар кылышты. Адегенде козголоңчулар полиция бөлүмүнө кирип барып, жардыргыч заттар, минометтор менен гранатометторду колдонуп, кыска убакытка эки имаратты басып алышкан. Көп узабай бошотулган полициячылар аларга каршылык көрсөтүү өтө кыйын болгонун билдиришти. Фаллужадагы оорукананын өкүлү өлгөндөрдүн арасында 14 полициячы, ошондой эле кол салган тараптан жана катардагы адамдар бар экенин билдирди. Ушул эле калаада бейшембиде Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү америкалык командачы, генерал Жон Абизайдды коштоп бараткан автокербенге кол салуу аракети жасалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG