Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН БААСЫ ЖАНА НАРКЫ


Өткөн жылдын соңунда президент А.Акаевдин демилгеси менен сөз эркиндигин коргоо аракетинде жаңы мыйзам долбоору парламентке сунушталган. Парламенттин массалык маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш комитетинде жаңы мыйзам долбоору талкууланып, депутаттар азырынча бир пикирге келе элек. Президенттин сунушу парламенттен колдоо тапса журналистке каршы кылмыш иши ачылбайт, маалымдоо каражаттарын сотко бергендер доо арызда көрсөтүлгөн айып пулдун 5% сотко төлөп берет.

Сөз эркиндигинин айланасындагы талаш-тартыш парламенттик, президенттик шайлоо жакындаган сайын күчөгөндөн күчөй бере тургандыгы талашсыз. Маалымдоо каражаттарынын тизгинин тартып коюунун толгон-токой амал-айласы бар экенин кыргыз журналисттери кыйладан бери жон териси менен сезип келатат.

Журналистке каршы кылмыш ишин ачуу чоң коомдук резонанс жаратаарын эсепке алган кыргыз чиновниктери кийинки жылдары ири өлчөмдөгү айып пул өндүрүп берүү талабы менен сотко доо арыз жолдой башташты. 2000-жылдын октябрында 5 млн сом айып пулду төлөй албай “Асаба” гезити жабылды. 2001-жылдын 1-ноябрында Жалалабат шаардык соту тележурналист Самаган Орозалиевди 9 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарган. 2002-жылы ”Моя столица” гезити соттук доо арыздардын төө бастысында калды. Кийинки жылдын июнь айында гезит премьер-министр Николай Танаевге 500 миң сом, ички иштер министрлигине 100 миң сом айып пул төлөй албай жабылууга аргасыз болду.

- Бизден айып пул акча өндүртүп алчу Н.Танаев жана башкалардын пайдасына деп болгон байлыкты тартып алуу тууралуу сот чечими чыккан. Гезиттин чыккан саны тартылып алынат. Мындан ары “Моя столица” гезити чыкпайт, - деп билдирген гезиттин башкы редактору Александр Ким.

Ушундай эле тагдырга “Кыргыз ордо” гезити да туш болду. 2003-жылдын 19-сентябрында Бишкектин Свердлов райондук соту “Аалам” гезитинен Мелис Эшимкановго 3 млн, макала автору Турсунбек Акундан 2 млн сом айып пул өндүрүп берүү жөнүндө чечим чыгарган. Аны 19-январда Бишкек шаардык соту өзгөртүп, ”Аалам” гезитинин айып пулун 500 миң сомго, Турсунбек Акундукун 50 миң сомго түшүрдү.

Кайриет, шаар сот чечими ишке ашырылаарга чукул калганда Мелис Эшимканов доо-арызын кайтарып алды. Бирок, мындай кеңпейилдикти сотко доо-арыз менен кайрылгандардын баки-жогу эле карманып келатышкан жери деле жок.

Маалымдоо каражатын оңбогондой оор айып пулга жыгуу кийинки кездери тенденцияга айланууда. Өлкөнүн эл аралык аброюн түшүргөн мына ушул осол иштен өкмөт, парламент мүчөлөрү деле четте калышпады. Президент А.Акаевдин айтымында, Кыргызстанда сөз эркиндигинин өнүгүшү үчүн толук шарт түзүлгөн.

- Мен ойлойм, Кыргызстанда маалымдоо каражаттарына дурус иштегидей шарттарды түздүк, сөз эркиндиги толук ишке ашсын үчүн кыйла иштерди жасадык, аны дагы улантмакчыбыз, - дейт президент А.Акаев. – Апачык жалаа жаап, адамдын беделин түшүрүп, абийир, ар-намысына шек келтирип жатса деле журналистке, маалымдоо каражатынын өкүлүнө каршы кылмыш ишин ача турган беренени алып таштоону сунуштап жатабыз. Менин оюмча, сөз эркиндигин орнотуп, аны ишке ашыргыбыз келсе ириде ал толук, чектелбеген болуш керек.

Жаңы демилге бул ирет деле парламенттен колдоо табаары күмөн. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын массалык маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш комитетинин төрагасы Кабай Карабеков бул ирет деле парламент мүчөлөрү өткөн жылдагыдай кылып мыйзам долбоoрун колдобой коюшу толук ыктымал дейт.

- Бул өзү таңгалычтуу факт, - дейт К.Карабеков.

Журналисттерге карата алдагыдай ичимтап мамиленин пайда болушуна ириде алардын өздөрү да күнөөлүү. Өкмөттүк басылма, маалымдоо каражаттары бийлик каршылаштарын аёосуз тепкиге алса, эркин гезиттерде бийликте отургандардын аракет-кыймылынан кынтык издөө далалаты күчтүү.
XS
SM
MD
LG