Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

МИТИНГДЕ ООГАНЧЫЛАРДЫН ӨКҮНҮЧҮ МЕНЕН КУБАНЫЧЫ БИРДЕЙ СЕЗИЛИП ТУРДУ


15-февралда Советтик аскер курамынын Ооганстандан чыгып кеткендигине 15 жыл толот. Бул күндү утурлаган иш чаралар Ооган согушуна катышкан мурдагы совет өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстанда да өтүп жатат. Ишемби күнү ооган согушунун ардагерлеринин, коомчулуктун катышуусунда эскерүү митингин Бишкек шаар мэриясы өткөрдү.

Митинг-реквием Ататүрк гүлбагында ооганчылар үчүн орнотулган эстеликтин жанында өтүп, ал гүл коюу каадасы менен башталды. Ооган согушунун ардагерлеринен тышкары эскерүүгө кайтпай калган жоокерлердин жесирлери, тууган-туушкандары, ата-энелери келишти. Алардын катарында өз ротасын сактайм деп, буктурмага кабылган командир инисин эскерип Абдимитал Жуманалиев туугандары менен келишти.

- Ысымын Карабуура районунун Суумамак айылындагы өзүбүздүн көчөгө бергенбиз. Үйдүн кенжеси болчу. Артында бир кызы калды. Бала кеткенде келиндин боюнда калган. Эми кыз атасын көрбөй өсүп атат. Сүрөтүнөн гана билет, - дейт Ооган согушунда набыт болгон 259 жоокердин биринин тууганы.

Он жылга созулган бул согушка Кыргызстандан 7141 жоокер тартылган. Алардын төртөөнүн эмгиче дайыны жок, 585и майып болуп кайтышкан. Ал эми Арстанбек Алиев алты саны аман келгендердин катарында, ички иштер министрлигинин курамында иштеп жүрөт. Бирок, бүгүн өзү менен бирге кетип, кайтпай калган, кайтып келгенден кийин көзү өтүп кеткен курдаштарын эскерип турат:

- Он бала барганбыз, Анын бешөө кайтпай калды. Келгенден бери ар кандай себеп менен дагы төртөө кетип, мен жалгыз калдым. Казакстанда бир полктошум бар. Ошого да кудайга шүгүр.

Ооган согушунда майып болгондор фондунун төрагасы Нурлан Төрөбековдун митинг учурунда айтканына караганда, ооганчылар жылына онго жакын курбуларынан ажырашат. Ошондуктан, бул жолу дагы жылдагыдай эле ооганчылар, энелер, коомчулуктун өкүлдөрү аманчылыкты, тынчтыкты тилешти. Набыт болгондорду салют атып эскеришти.

Митингде ооганчылардын маанайынан өкүнүч менен кубаныч бирдей сезилип турду. Өлүмгө, карыптыкка, майыптыкка кирептер кылган бул согуш үчүн эски системаны айыптагандар да, жактагандар да бар болуп чыкты. Маселен, Ооганстандын Герат провинциясында кызмат өтөгөн Санжарбек Шерматов өзү Советтер Союзунун чечимине ылайык Ооган согушуна катышууга аргасыз болгонун, ал жердеги согуштан дагы ачкачылык, кийим-кеченин тартыштыгы көкөй кескенин айтат. Ал эми Камчыбек Кускаков Ооганстанга cоветтик жоокерлердин киргизилишин жактайт:

- Бул коопсуздук үчүн жасалган. наркотикалык чоң жүгүртүү да, террорчулар да, башка коркунучтуу жагдайлар да жок болчу. Ошондуктан, муну эң туура саясат болгон деп айта алам. Биз эч кимге багынган жокпуз. Ата-мекенибизди коргоп, ошо жерде кызматыбызды кылдык.

Улуттук гвардиянын башчысы, 15 жылдык мааракени уюштуруу боюнча өкмөт түзгөн комиссиянын төрага орун басары, генерал-лейтенант Абдыгул Чотбаевдин митингде белгилешинче, кандай талаш-тартыш болбосун, кыргызстандык атуулдар өздөрүнүн патриоттук рухун көрсөтө алышты:

- Согуш керек беле, жок беле деген ар кыл талаш-тартыштар басыла элек. Бирок, силер өзүңөрдүн жоокердик милдетиңерди абийир, ар-намыс менен өтөдүңөр. Ата-энеңерди жер караткан жоксуңар. Мекендин чыныгы уулдары болдуңар. Советтик армиянын чыныгы жоокерлери болдуңар.

Абдыгул Чотбаевдин айтымында, азыр экономикалык жактан жалпы журттун ичинде ооганчыларда деле кыйынчылыктар бар. Бирок, алардын акыбалын жакшыртуу үчүн аракеттер көрүлүп келатат.

- Биринчиден, Жогорку Кеңеш бизди ооганчыларды Улуу ата мекендик согуштун катышуучуларына теңештирген мыйзамды кабыл алды, - дейт Чотбаев, - Анда белгиленген жеңилдиктерден пайдаланып жүрөбүз. Айыл өкмөттө Ооган согушуна катышкан балдарды дайыма болбосо да, жылына бир жолу кабыл алып, көңүл бурушат. Ошолорго ырахмат.

Ооган согушунун катышуучуларынын ар бирине жылына 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлүп турат. Мындан тышкары бекер дарылоо, мурдагы совет өлкөсүнүн аймагын жылына бир ирет бекер кыдыруу укугуна ээ. Ошондой болсо да ооганчылардын айтымында, согуштун катышуучуларына өкмөт каралашар жөнү бар дагы көп жагдайлар турат, бирок, мындай нерселерди майрам күнү эскергилери келишпейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG