Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

ЕККУнун миссиясы Кыргызстанга келет


БИШКЕК. Март айынын башында Кыргызстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ири миссиясы келип, уюмдун Кыргызстанда акыркы беш жылда жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы чыгарылат. Мындай маалыматты ЕККУнун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Маркус Мюллер 13-февралда билдирди. М. Мюллер ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси тарабынан 5-мартта Кыргызстандын тартип коргоо органдарын реформалоо долбооруна арналган тегерек үстөл жыйыны өткөрүлөөрүн кабарлады. Маалыматка караганда, жыйында долбоорду ишке ашыруу боюнча атуулдук коом өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлери ортого салынат. «Анткени, узак мөөнөткө созулуучу долбоорду натыйжалуу ишке ашырып, тартип коргоо органдарын реформалоо үчүн коомдогу бардык катмарлардын өкүлдөрүнүн пикир-сунуштарын билүү зарыл», - деп белгиледи ЕККУнун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Маркус Мюллер.

XS
SM
MD
LG