Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

КПССтин мураскерлери Москвада чогулушат


БИШКЕК. Кыргызстандын коммунисттери КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттердин коммунисттик партияларынын башын кошкон коммунисттик партиялардын биримдиги - КПССтин 23-курултайына (съездине) катышат. Мындай маалымат бүгүн Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажибековадан алынды. Анын маалыматына караганда, КПССтин 23-курултайы 28-29-февраль күндөрү Москвада болот. Ага Кыргызстандан алты делегат катышат. Жыйында компартиялардын биримдигин күчөтүү, максат-милдеттерин жакындаштыруу маселелери талкууланат. Москвадагы жыйындын күн тартибине КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттердин компартияларынын алардын парламенттеринен тышкаркы чөйрөлөрдөгү ишкердигин күчөтүп, бүткүл дүйнөлүк коммунисттик кыймылдын тактикасын аныктоо маселеси да коюлушу күтүлүүдө. Кыргызстандагы эки коммунисттик партияны бириктирип, бирдиктүү багытта аракеттенүү үчүн Клара Ажибекова жетектеген коммунисттер партиясы Апсамат Масалиев баштаган коммунисттик партияны биригүүгө чакырган. Клара Ажыбекованын билдирүүсүнө караганда, ал партиянын өкүлдөрү азырынча жооп берише элек.

XS
SM
MD
LG