Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Салык Кодексинин жаңы редакциясынын долбоору даярдалууда


БИШКЕК. Кыргызстандын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна салык төлөөчүлөргө түшүнүксүз болгон жоболор киргизилбеши керек. Мындай сунушту жаңы долбоорду даярдап жаткан комиссиянын жума күнү болгон жыйынында Эл аралык валюта корунун өкүлдөрү менен эл аралык эксперттер билдиришти. Алардын билдирүүсүнө караганда, Кодекстен «базардык эмес» деген, тактап айтканда, автожолдорду пайдалануудан, күтүүсүз кырдаалдардын кесепетин жоюудан алынчу салыктардын бардыгы жоюлушу керек. Андан тышкары ит багуудан, аукциондордон, көргөзмөлөргө катышуудан, унаа токтотуудан алынчу чакан салыктарды жоюуга да убакыт жетти деген сунуш айтылды. Мындай сунуш кыргыз бийлик өкүлдөрү тарабынан кабылданган жок. Алардын пикири боюнча, бул салыктардан бюджетке бир топ каражат түшөт. Жыйында ушул жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин долбоор бардык каалоочулар тарабынан талкууланып, кошумча пикир-сунуштар айтылсын деген чечим кабылданды.

XS
SM
MD
LG