Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Ооган согушуна катышкандарга арналган жыйындар болду


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын бардык аймагында советтик аскерлердин Ооганстандын аймагынан чыгарылгандыгынын 15 жылдыгына арналган эскерүү жыйындары болду. Мындай митинг-реквием Бишкектин Ата түрк атындагы эс алуу паркында болуп, ага Ооганстанда кызмат өтөгөн жоокерлер, алардын жакындары жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Ооган согушуна катышкан жоокерлерге арналган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, согушта курман болгондор эскерилди. Ооган согушуна Кыргызстандан 7 миң 141 жоокер катышып, анын 259у каза болгон. Кыргыз өкмөтү 13-февралда ооганчы жоокерлерге арналган жыйын өткөрүп, материалдык жардам берди. Ал эми бүгүн Бишкектин мэриясы согуштун ардагерлеринин 966 үй-бүлөсүнө акчалай жардам берип, ага шаардын бюджетинен 330 миң сом бөлдү. Ушул эле күнү ооган жоокерлерине арналган жыйындар Ош жана Жалалабатта да өттү. Ош шаарында 700дөн ашык ооган согушунун катышуучулары бар. 32 жоокер согуштун кесепетинен майып болуп калышкан. Ал эми 19 оштук жоокер ооган жеринде курман болгон. Ал эми Жалалабат облусунан Ооган согушуна 1278 жоокер жиберилген. Алардын 36сы каза таап, 33чү майып болгон.

XS
SM
MD
LG