Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

КОРРУПЦИЯНЫН АЙЫНАН КЫРГЫЗСТАН 70% ИНВЕСТИЦИЯДАН КУР ЖАЛАК КАЛУУДА


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн ички дүң продуктка карата эсептегенде жылына 30% инвестиция зарыл. Өлкө жарды болгондуктан, мынчалык каражат ички булактардан табылбайт. Бул кемтикти чет өлкөлүк инвестициялар толтурат деген жалгыз үмүт бар. Бирок, өкмөт кандай аракет кылганы менен өлкөгө зарыл көлөмдөгү инвестиция келбей жатат.

Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев чет өлкөлүк инвестицияны тартуу аракеттери күткөн натыйжаны бербегенин жарыя кылды:

- Бизде азыр 3 көрсөткүч боюнча артта калуу бар. Анын бири -инвестициянын тартуу. Биз тикелей инвестицияны ички дүң продуктынын 30%ине жеткиришибиз зарыл. Бизде ал азыр андай эмес.

Акыркы 4-5 жылда чет өлкөлүк инвестицияларды көбөйтүү үчүн өлкөдө көп эле иштер жасалгансыйт. Президент өзүнүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлүн дайындап, ага болуп көрбөгөндөй укук берген эле. Өкүлдүн алдында түзүлгөн катчылык жыл сайын Ыссыккөлдө чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен саммит өткөрүп, алардын берген сунуштарынын негизинде инвестицияларды тартуунун конкреттүү иш-планын иштеп чыгат. Инвестициялык матрицалар деген ат менен белгилүү болгон ал пландар - баардык министрликтер аткарууга милдеттүү документ.

Өткөн жылдын жайында үчүнчү саммит болуп, төртүнчү матрица иштелип чыккан болчу. Катчылыктын кызматкерлери бул матрицалар өз жемишин берип жатат деп эсептешет. Алардын ою боюнча, башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда инвесторлор үчүн жакшы абал түзүлгөн:

- Казакстандын экономикасына салынган инвестицияны карап көрсөк, инвестициянын баары мунай иштетүү тармактарында топтолгон. Бизде болсо баардык тармактарда бар. Бул эмнени билдирет? Бул бизде инвестициялык климат жакшы экенин көрсөтүп турат, - дейт аталган катчылыктын жетекчиси Равкат Хасанов.

Ал мунун далили катары өткөн жылы өлкөгө тартылган тикелей инвестициянын көлөмү 25% өскөнүн белгилейт. Бирок, чет өлкөлүк эксперттер өлкөгө канча инвестиция келсе, ошончо инвестиция кайра кетип, анын «таза» эсептегендеги көлөмү жокко эсе экендигин айтышат. Алар Кыргызстанга инвестициянын келбей жатышынын башкы себеби - баягы эле коррупция экендигин айтышат. Аталган катчылыктын кызматкери Нуритдин Жаманкулов ал тууралуу мындай дейт:

- Коррупциянын деңгээлинин жогорулугунун айынан биз болжол менен 70% инвестицияны жоготуп жатабыз.

Жаманкуловдун айтымында, мындай жыйынтыкты Дүйнөлүк банктын изилдөөсү көрсөткөн.

Инвестициялык матрицалар пайда бербегенден кийин өкмөт совет доорундагыдай план бермей жолго өткөн. Өткөн жылы Николай Танаев инвестиция тартуу боюнча ар бир министрге жана губернаторго план салган. Николай Танаев 12-февралдагы өкмөт жыйынында анын натыйжасын сурай турган мезгил келгенин эскертти:

- Биз силер менен өткөн жылы министрлер жана губернаторлор канча инвестиция тартканы тууралуу жыл аягында отчет берет деп сүйлөшкөнбүз. Эмки селектордук кеңешмеге ушул маселени киргизгиле.

XS
SM
MD
LG