Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Ирак жана анын коңшулары Бириккен Улуттарды Иракты өз колуна алууга чакырышты


Ирак, ошондой эле Иордания, Сирия, Сауд Аравия, Түркия, Иран жана Кувейт жаңы аяктаган самитте биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Билдирүүдө ошондой эле Иракта бийликти тез арада ирак элине өткөрүп берүү зарылчылыгы белгиленет.
Ирактын Фамужа шаарында кырдаал курч бойдон кала берип жатат. Кечээ Ирактын коопсуздук эки базасына бир мезгилде жасалган эгиз чабуулда кеминде 23 киши ажал тапкан.
Анын аралыгында, бүгүн Багдаддын жанында АКШ армиясынын кербенине кол салуу болду. Күбөлөрдүн бири Аббас Абдулла «Ройтерс» агенттигине буларды билдирди:
- Кербендин куйругунда келаткан америкалык машина көпүрөдөн өткөндө чабуул башталды. Америкалыктар ирактык жүк ташыгычты алдынан аткылашты.
Чабуулда каза тапкандар тууралуу кабар түшкөн жок.

XS
SM
MD
LG