Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Оппозициячыл партиялар дагы бир жаңы партиянын түзүлүшүн сынга алууда


БИШКЕК. «Кыргызстанда жаңыдан түзүлгөн «Жергиликтүү жамааттар жана дыйкандар» партиясы бийликтин кызыкчылыгын көздөгөн партиялардын бири болот. Бул партияны бийлик келээрки парламенттик жана президенттик шайлоодо өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланат». Мындай пикирди бүгүн оппозициялык маанайдагы «Эркиндик», «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын өкүлдөрү билдиришти. Алардын пикири боюнча, «Жергиликтүү жамааттар жана дыйкандар» партиясына мүчө болгондор келерки парламенттик жана президенттик шайлоодо бийлик өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүүгө мажбурланышы мүмкүн. Андан тышкары алар бийлик тарабынан президент Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө калтыруу, парламенттеги орундардын 80-90 пайызын ээлөө максаттары менен саясий партияларды түзүү аракеттери жасалып жаткандыгын жана жакында бийликчил дагы жаңы партиялар түзүлүшү мүмкүн экендигин кабарлашты. Ал эми Жамааттар жана дыйкандар партиясынын 14-февралда өткөн курултайында Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү министри Төлөбек Өмүралиев мындай партияны түзүүнүн башкы максаты жергиликтүү жамааттар менен дыйкандардын башын бириктирип, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан агрардык реформаны колдоо экендигин билдирген. Министр ошону менен бирге, бул партияны түзүү тууралуу президент Аскар Акаев менен кеңешкендигин жана мамлекет башчы жер-жерлерде дыйкандар менен иш жүргүзгүлө деп айткандыгын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG