Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

ЖОН КЕРРИ ДАГЫ ЖЕҢИП ЧЫКТЫ


Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкерлердин бири Жон Керри дагы эки жерде жеңишке жетишти. Муну менен сенатор Керринин быйыл ноябрда өтүүчү шайлоодо Кошмо Штаттардын азыркы президенти Жорж Бушка атаандаш болуу мүмкүнчүлүгү жогорулоодо.

Ошентип, массачусетстик сенатор Жон Керри Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкерди тандоо боюнча баштапкы шайлоолор же америкалыктарча айтканда "праймериздер" буга чейин өткөн 16 штаттын 14үндө жеңишке жетишти. Ишемби күнү өлкөнүн батышындагы Невада штатындагы добуш берүүдө аны шайлоочулардын 63%дайы, ал эми АКШнын башкалаасы Вашингтондо 47%дайы колдоду.

Алдыдагы шейшемби күнү баштапкы шайлоо Висконсин штатында, андан соң 2-мартта дагы он штатта өтөт. Ноябрдагы шайлоодо Жорж Бушка атаандаш болуучу талапкер биротоло Демократиялык партиянын жайында өтүүчү улуттук курултайында аныкталат. Жон Керринин өз партиялаштары арасынан азыр негизги эки атаандашы бар. Алар - Түштүк Каролина штатынан шайланган сенатор Жон Эдвардс менен Вермонт штатынын мурдагы губернатору Говард Дин. Демократиялык партиядан президенттикке талапкерлердин дагы бири, отставкадагы генерал, НАТОнун мурдагы командачысы Уэсли Кларк жума күнү жарыштан чыкканын жана мындан ары Жон Керрини колдоорун жарыялады:

- Жон Керри - биздин партия жана өлкө 21-кылымда муктаж болгон лидер, Ушун үчүн мен аны колдоого, АКШнын кийинки президенти катары колдоого сыймыктанам.

Баяндамачылар белгилеп жаткандай, сенатор Жон Керринин буга чейинки "праймериздердеги" удама – удаа жеңиши анын ноябрдагы шайлоодо Жорж Бушка атаандаш болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда. Азыркыга чейин ал "Ассошейтед пресс" агенттигинин маалыматына караганда, 565 делегаттын колун топтоду, ал эми атаандаштары Жон Эдвардс 166, Говард Дин 188 делегатка ээ. Президенттике талапкер болуш үчүн Демократиялык партиянын курултайында 2161 делегаттын колдоосуна ээ болуу керек. Жон Керри өз ийгилигин АКШнын калкы өзгөрүүнү каалап жатканына байланыштырууда. Ал өткөн шейшембиде Виржиня штатында жеңишке жетишкен соң мындай деген:

- Берилип жаткан белги ачык жана түшүнүктүү. Америкалыктар: Чыгыш жана Батыш, Түндүк эми Түштүк өзгөрүү үчүн добуш берүүдө. Мен буга ыраазымын.

Вашингтондогу ишемби күнкү жеңишинен кийинки билдирүүсүндө да Жон Керри жалпы максат үчүн америкалыктар биригип жатканын белгиледи. Жон Керри өз сөздөрүндө азыркы президент Жорж Буштун Ирак боюнча саясатын, ал Ирактагы эски режмиге каршы согуш ачууда тандап алган жолду сынга алууда.

Быйылкы шайлоо кампаниясына байланыштуу бир кызык жагдай, бул ирээт демократтар тарабынан президент Жорж Буш кезинде, Вьетнам согушу учурунда өзүнүн аскерий милдетин кантип өтөгөнү жөнүндө маселе көтөрүлүүдө. Ага атаандаш болоору күтүлүп жаткан Жон Керри - Вьетнам согушунун ардагери. Демократтар президент Жорж Бушка учурунда өзүнүн аскерий милдетин абийирдүүлүк менен өтөгөн эмес деген кине коюшууда.

Президент Буш Вьетнам согушу жүрүп жаткан кезде АКШнын ар бир штатында бар Улуттук Гвардиянын курамында кызмат кылып, учкучтукка машыккан. Бирок демократтардын ырастоосунда, ал аскерий кызматтан бошонуп, шайлоо кампаниясына катышкан учурлар болгон. Ал кезде АКШда Улуттук Гвардиянын катарында кызмат өтөө согушка барбоонун бир жолу катары каралчы экен. Расмий эсептер боюнча Улуттук Гвардияда кызмат кылгандардын жоокерлердин 10%ы гана Вьетнам согушуна жөнөтүлүптүр.

Жорж Буш өзү жакындагы телеинтервьюсунда Улуттук Гвардиядан ардак менен демоблизацияланганын айткан эле. Айтор азыр саясий маселеге айланып бара жаткан бул талашка чекит коюу аракетинде Ак үй жума күнү президент Буштун аскерий кызматы боюнча 100 беттен ашкан документтерди жарыялады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG