Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Абдулла Ожаландын кармалганына 5 жыл толду


Кечээ күнү Стамбулда күрт жикчилеринин лидери Абдулла Ожаланга эркиндик берүүнү талап кылган демонстрация кагылышуу менен аяктады. Күрт-демонстранттар менен полициянын кагылышуу учурунда, манифестанттар полицияны көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Полиция 24 адамды камакка алды.
Акция Ожаландын кармалганынын 5 жылдыгына туштап өткөрүлдү.
Ожалан Түркиянын түштүк чыгышында күрт автономиясын түзүүнү көздөгөн куралдуу күрөштү жетектегени үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.
Күрт козголоңчуларынын 1999-жылга чейин созулган 15 жылдык согушунда 37 миңдей адам өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG