Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:32

Ирандык студенттердин уюму президент Хатамини сындады


Ирандын эң чоң студенттик уюму президент Мохаммад Хатамини парламенттик шайлоону өткөрүүгө макулдук бергени үчүн сындады.
Студенттердин Бекем биримдик кеңсеси жекшемби күнү жарыялаган билдирүүдө Хатами “адилеттүлүктү, эркиндикти жана ирандыктардын укугун курмандыкка чалып”, иш жүзүндө “диний консерваторлорду колдоду”,- деп айтылат.
Студенттик уюм ошондой эле ирандыктарды 20- февралда болчу парламенттик шайлоого катышпоого чакырды.
Консервативдүү Көзөмөл кеңеши 2 миңден ашуун реформачыл маанайдагы талапкерди шайлоого катыштырбай койгонуна нааразычылык иретинде 550 чамалуу талапкер саясый өнөктүккө катышуудан баш тарткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG