Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Ирактагы бийлик 30-июнда ирактыктардын өздөрүнө өтөт


“Июнь айында Ирактын утурумдук өкмөтү түзүлгөнгө чейин, өлкөдө жалпы элдик шайлоо өткөрүү өтө татаал”,- деп билдирди Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари кечээ Кувейтте.
Зебаринин айтышынча, ал мындай пикирге жакында Иракта болуп кеткен Улуттар Уюмунун эксперттери жасаган кортундунун негизинде келген.
Вашингтон 30-июнда Ирактагы бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүгө жана бул маселе боюнча башка сунуштар болсо, аларды карап көрүүгө даяр экенин Ирактагы америкалык-британиялык убактылуу администрациянын башчысы Пол Брэмер тастыктады.
Жекшемби күнү Ирак полициясы мурдакы башкаруучу БААС партиясынын региондук бөлүмүнүн башчысы Мохаммад Зиман Абдул Разакты колго түшүрдү. Абдул Разак Кошмо Штаттары издөө салган жана алиге кармала элек 11 адамдын бири болчу.

XS
SM
MD
LG