Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:16

ПАРЛАМЕНТ «ӨКМӨТ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМДЫН ДОЛБООРУН ТАЛКУУЛАЙ БАШТАДЫ


«Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» мыйзам - конституциялык мыйзам. Бул мыйзамга Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны сегиз айдан кийин бүгүн кайра кайрылды. Өкмөт даярдап, сунуштаган мыйзамды парламент алгачкы ирет июнь айында талкуулап, бирок, принципиалдуу беш жобо боюнча бир пикирге келе албай коюшкан. Мыйзам долбоорунун биринчи окулушун бүгүн депутаттар беренелер боюнча талкуулоого киришти.

Июнь айындагы талкууда депутаттар менен өкмөт ортосунда мыйзам долбоорунун 7, 9, 11, 34, 39- беренелери боюнча пикир келишпестиктер жаралган. Ушуга байланыштуу талкуу токтотулуп, макулдашуу комиссиясы түзүлгөн. Бирок, өткөн айларда ал комиссия деле жогорудагы беренелер боюнча бир пикирге келе алган жок.

Долбоор боюнча өкмөттөн дайындалган өкүл, юстиция министринин милдетин аткаруучу Нэлья Бейшеналиева бул жолу деле талкуу негизинен беш берененин айланасында болоорун белгиледи:

- Макулдашуу комиссиясында деле сын-пикирлер беш берене боюнча болду. Депутаттар отурумдан кийин деле бир пикирге келе алышкан жок. Орток пикир таба албай жаткан ушул беш берене, сыягы, азыр деле талкуунун өзөгүн түзөт көрүнөт.

Парламенттик талкуу учурунда мыйзамдын өкмөт мүчөлөрүн дайындоонун тартибине, өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө, премьер министрди, өкмөт мүчөлөрүн жана администрациялык ведомостволордун жетекчилерин кызматтан кетирүүнүн жол-жоболоруна, өкмөт менен Жогорку Кеңештин, өкмөт менен эсептөө палатасынын карым-катыштарына байланыштуу жоболору олуттуу сынга кабылды.

Маселен, айрым депутаттардын пикирлерине караганда, өкмөттүн курамынын президент тарабынан тизмелик тартипте бекитилишин кепилдөөчү 7-берене ушул бойдон кабыл алынса, ал коррупциялык аракеттерге жол ачат. Ошондуктан, ар бир министрди, өкмөт мүчөсүн өз алдынча дайындоо керек.

- Алар - тирүү адамдар. Ошондуктан, парламент өкмөттүн ар бир мүчөсүн, министрди тиешелүү комитет аркылуу өткөрүшү керек. Комитеттер, комиссиялар бул маселени карап, өз тыянагыбызды беришибиз керек. Анткени, ар бир өкмөт мүчөсү үчүн биз жоопкерчилик алабыз,- деди макулдашуу комиссиясын жетектеген Мыйзам чыгаруу палатасынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Апсамат Масалиев.

Ушундай пикирди колдогон көпчүлүк депутаттар өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн сапатын арттыруунун мындан башка жолу жоктугун айтышты. «Биримдик» фракциясынын төрагасы Махмуд Күчүков болсо фракциянын көз карашы менен катар президент Аскар Акаевдин көз карашын да белгилей кетти:

- Биздин фракция президент менен жолукканда бул маселеге мамлекет башчынын көз карашы кандай экенин сураганбыз. Өкмөттүн курамын түзүүдө ар бирине жекече баа берүү принциби боюнча биздин көз караш менен президенттики дал келди.

Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосундагы экономикалык маселелерди чечүүдөгү “бөтөнчө учур” деп аталган учурга байланышкан жобо да талылуу маселе болду. Өкмөт бөтөнчө учур өтө көп деп, жагдайга жараша чечим кабыл алууну каалайт.

- Депутаттар өкмөткө өз алдынча чечим кабыл алууга жылына эки ай бөтөнчө учур ыйгарууну жана ал тууралуу парламентке кечигүүсүз кабарлоону сунуштап жатышат,- дейт Нэлья Бейшеналиева, - Өкмөт бөтөнчө учурдун баарын каттоо мүмкүн эмес деп эсептейт. Парламент сунуштаган эки ай экономикалык проблемаларды чечүүгө жетишсиз.

Депутаттар болсо ар бир эле проблемалуу маселени бөтөнчө учурга шылтай берүү ишке тоскоол болот деп жатышат. Марат Султановдун оюна караганда, өлкөнүн экономикасына доо кетире турган олуттуу жагдай түзүлгөн учурда гана өкмөт бөтөнчө учурдан пайдаланып, чечкиндүү, чукул чара көрүшү керек. Бирок, аны милдеттүү түрдө эки ай аралыгында парламент аркылуу мыйзамдаштырууга милдеттүү:

- Биз эки ай ичинде чечим кабыл алып, мыйзам түрүндө алып келип, өткөргүлө деп атабыз. Жогорку Кеңеш эки ай ичинде карап берүүгө милдеттүү. Буга да макул болбой атышат.

Талкуу учурунда мыйзам долбоорунун 1, 2-беренелери биринчи окулушунда кабыл алынды. Буларды талашсыз жоболор катары санашты. Бирок, мыйзам долбоорун талкуулоо мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Буга депутаттардын мыйзам долбоорунун мамлекеттик тилдеги варианты менен камсыздалбаганы себеп болду. Кыргыз тилиндеги долбоор менен депутаттар бейшембиге чейин жабдыла турган болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG