Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

МАСКӨӨДӨ АКВАПАРКТЫН ЧАТЫРЫНЫН УРАП ТҮШКӨНҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ ТЕРГӨӨ ИШИ БАШТАЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Ишембиде Москванын түштүгүндө “Трансвааль паркынын” бассейндер чатыры түшүп кетип, эс алып аткандардын кеминде 26сы набыт болгон. Акыркы маалыматка караганда, курман болгондордун саны 28 кишиге жетти. Орусия өкмөтү эми бул каргалашуу окуяга алып келген себептерди табуу үчүн тергөө ишин баштады. Негизинен, паркты кургандар же анын долбоорун даярдагандар кетирген катадан улам ушундай кырсык болду деген пикирлер көп кайталанууда. Ошол эле учурда баш калаанын мэри Ю.Лужков парктын чатыры басып калып набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң рублден жөлөкпул төлөөнү чечти.

Орусия бийлиги эми ”Трансвааль паркынан” чыккан кайгылуу окуяга ким күнөөлүү экенин иликтөө ишин баштады. Өкмөттө вице-премьер Владимир Яковлев дүйшөмбүдө жыйын өткөрүп, кайгылуу окуяны териштирип чыгуу жумушун Орусия Федерациясынын курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик комитетинин (Мамлекеттик курулуштун) жетекчисине жүктөдү.

Мамлекеттик курулуштун төрагасы Николай Кошмандын айтканына караганда, аквапарктын чатырынын урап түшүү себептерин иликтөө боюнча атайын оперативдүү штаб түзүлгөн. Анын карамагындагы эксперттер тобу иштей баштады. Ошол штабдын чечими менен Ясеневодогу бассейндер комплексинин долбоорун түзгөн “Сергей Киселев жана өнөктөштөр” архитектуралык фирмасынын лицензиясын бийликтер алып коюшту. Буга дейре түркиялык “Кочак Иншаат” үй куруу фирмасынын лицензиясы да кайтарылып алынган.

Ушундан улам күнөө Маскөө аквапаркынын долбоорун түзгөндөрдө го деген жоромол айтылышы мүмкүн. Бирок Николай Кошмандын бүгүнкү ИТАР-ТАСС агенттигине берген маегинде: “Аквапарктын үстү түшүп кетип, андан көп киши набыт болгонуна байланыштуу Маскөө прокуратурасы кылмыш ишин козгогондо, Орусиялык Мамалекеттик курулуш да (лицензиялар менен байланыштуу) ушундай чечим кабыл алууга барган”, - деп белгиледи.

Көзкарандысыз эксперт, архитектор Андрей Гозак «Азаттык» радиосунун Маскөөдөгү бюросуна берген жообунда «керкисинде да кемигинде да бар» деген шекилдүү пикирин айтты:

- Кандай гана курулуш же архитектуралык объект болбосун анын долбоорлонушу, салыныш процесси жана ал салынгандан кийин пайдаланыш жагдайлары башкы мааниге ээ. Мына ушул үчилтиктин биринен эле кеткен жаңылыштык имараттын кыйрашына кириптер кыла алат.

Басма сөз каражаттары улам кайталаган сын пикирлердин бирин “Газета” басылмасы бүгүн жазып чыкты: “Орусия үчүн эң башкысы - тез аранын ичинде имаратты куруп бүтүү, анын курулушунун арзанга түшүшү. Бул - өтө маанилүү, андан ары эмне болсо, ошол болсун...”

Орусиянын ордо калаасынын мэри Юрий Лужков мамлекеттик комиссиянын түзүлүшүн колдоого алды.

- Азыр комиссия (окуяны – ММ) ар тараптан иликтеп чыгуу ишине киришти.

Баса, Маскөө мэри бул күнү кайгылуу окуянын кесепетинен он чакты киши дайынсыз жоголгонун билдирди. Ордо шаардын акимияты “Трансвааль паркындагы” кырсыктын айынан курман болгондордун ар биринин үй-бүлөлөрү менен жакындарына Маскөө өкмөтү 100 миң рубль көлөмүндөгү жөлөкпулду төлөй тургандыгын да айтты.

Айтмакчы, “Московский комсомолец” гезитинин жазышынча, чатыры урап түшкөн аквапаркта буга дейре эле айрым олуттуу кырсык окуялары болгон экен. Маселен, аквапарк ачылгандан бери ага келип эс алып жүргөндөрдүн ичинен эки киши сууга чөгүп өлүп, он бештей киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG