Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Нарында курула турган Борбор Азия университетинин долбоорун түзүү аракеттери башталды


НАРЫН. Буга байланыштуу "Агахан" өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы координатору Бермет Акаева 16-февраль күнү Нарын шаарына келип, губернатор Аскар Салымбековдун кабыл алуусунда болду. Ал сүйлөшүүгө журналисттер киргизилгени жок. Борбор Азия университетинин оперативдүү иштери боюнча директору Асан Токтогуловдун айтымында, университет үчүн суралган жерди Бермет Акаева менен кошо келишкен көз карандысыз юристтер иликтешмекчи. Кыймылсыз мүлктү каттоо жана жер ресурстары боюнча облустук башкармалык Борбор Азия университети үчүн Нарын шаарынын батыш ыптасынан жалпысы 208 гектар аянт бөлүнгөндүгүн маалымдады.


Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор – Айданбек Акмат уулу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG