Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Кытайдын «Жунхун» инвестициялык корпорациясынын делегациясы Ысыккөл облусунда


КАРАКОЛ. "Жунхун" корпорациясынын негизги максаты - Жетиѳгүз районундагы Карабулуң айылынын аймагына беш жылдыздуу мейманкана, гольф клуб, дача, казино жана башка эс алуу жайларын куруу жана Жетиѳгүздѳгү Бедел ашуусу аркылуу жол ачуу. Бул тууралуу Шиңжан автономиялык кыргыз облусунун жетекчиси Мамбет Асантурду кабарлады. "Жунхун" корпорациясынын президенти Хуан Нубо эларалык деңгээлдеги эс алуу базасын куруу үчүн 800 гектар жер керек экендигин билдирди. Эс алуу жайын курууга 500 млн. юань бѳлүнѳѳрүн, жумушка жергиликтүү калк тартылаарын кошумчалады. Губернатор Токон Шайлиева 500 млн. юань бул чоң курулушка жетпестигин, айтылгандардан сырткары лыжалык база жана мергенчиликти ѳнүктүрүү керектигин эскертти. Эки тарап эс алуу жайын курууга жана Бедел ашуусу аркылуу жол ачууга макулдашты. Негизги келишим тууралуу кыргыз ѳкмѳтү менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн "Жунхун" корпорациясынын өкүлдөрү Бишкекке кетишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG