Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Дүйнөлүк банктын миссиясы келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын мамлекеттик башкаруу боюнча миссиясынын башчысы Роналд Кларк баштаган делегация келди. 26-февралга чейин созулган иши учурунда миссия премьер-министр баш болгон ырасмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, GSAС жана GTAC долбоорунун аткарылышы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Динара Жолдошева билдирди. GSAC долбоору Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасын реформалоого багытталып, анын алкагында 20 миллион доллар, ал эми GTAC долбоорунун алкагында 7 миллион доллардан ашуун насыя бөлүү каралган. Өкмөт башчы Николай Танаев өткөн аптада долбоорлордун аткарылышын кескин сынга алган.

XS
SM
MD
LG