Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

А.Айтматов Ооганстанга кийинчерээк барат


БИШКЕК. Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Ооганстанга 17-февралда баштала турган ырасмий сапардын айдын аягына которду. Мындай маалымат министрликтин чыгыш мамлекеттер боюнча башкармалыгынан алынды. Сапардын мөөнөтүн которууга Борбор Азия кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 21-22-февралда боло турган жыйынына дал келип калгандыгы себеп болду. Ушундан улам сапарды 26-февралдан 10-мартка которуу өтүнүчү Ооганстанга жөнөтүлдү. Аскар Айтматов Ооганстандагы сапары учурунда президент Хамид Карзай жана өкмөт өкүлдөрү менен жолугушуп, Ооганстанды калыбына келтирүү ишине Кыргызстандын катышуусу, эки тараптуу байланышты түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү белгиленген болчу.

XS
SM
MD
LG