Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Болот Осмонов кызматын аткарууга киришти


БИШКЕК. Өкмөт башчы Николай Танаевдин буйругу менен маданиятты өнүктүрүү жана мамлекеттик тил боюнча комиссия төрагалыгына Болот Осмонов дайындалды. Ал өткөн апта аягынан тартып кызматын аткарууга киришти. Бул тууралуу маданиятты өнүктүрүү жана тил боюнча комиссиядан кабарлашты. Болот Осмоновдун бул кызматка дайындалышына Кайыргүл Сартбаева баш болгон көптөгөн өнөр адамдары каршы чыгып, “мурда соттолгон адам бул кызматка келбеш керек” деген пикирин билдиришкен. Алар президентке, өкмөт башчысына кайрылуу жолдошуп, маданиятты өнүктүрүү боюнча комиссияны комитет, же министрлик кылып түзүү, Болот Осмоновду анын жетекчилигине койбоо өтүнүчтөрүн айтышкан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG