Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

«Рентонгрупптун» аманатчылары нааразылык билдирген жыйынга чогулушмакчы


БИШКЕК. «Рентонгрупп» компаниясынын жетекчилерине акчасын алдатып жиберген атуулдар 27-февралда Бишкектеги Горькийдин эстелигинин жанына нааразылык билдирген жыйынга чогулушат. Мындай маалымат акчасын алдаткан атуулдардын жетекчиси Татьяна Дагазиевадан бүгүн алынды. Анын маалыматына караганда, жыйында өкмөткө каршы сотко доо арыз жолдоо чечими кабылданат. Буга акчасын алдаткан атуулдардын арызын иликтөө боюнча өткөн жылдын 29-декабрында түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын иштебей жаткандыгы түрткү болууда. Президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия ишти эки айдын ичинде иликтеп, жыйынтыгын президентке февраль айынынын аягында билдирүүгө милдеттүү болчу. «Бирок комиссия 5-январда бир жолу чогулуш өткөргөндөн кийин маселеге кайра кайрылган жок. Ага комиссия төрагасы, экс-биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун Жогорку сот төрагалыгына кетип, ордуна башка адамдын дайындалбагандыгы өбөлгө болууда»,-деп билдирди Татьяна Дагазиева. «Рентонгрупп» тобуна 2 миңден ашуун атуул 250 миллион сомго жакын акчасын алдаткан деген маалымат бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG