Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Мыйзам чыгаруу жыйыны «Өкмөт жөнүндө» мыйзамды карай баштады


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз республикасынын өкмөтү жөнүндө» мыйзам долбоорун кароону баштады. Аны талкуулоого биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубанычбек Жумалиев, юстиция министринин милдетин аткаруучу Нэлья Бейшеналиева катышты. Бирок мыйзамдын долбоорунун кыргызча варианты таратылып берилбегендиктен, депутат Азимбек Бекназаров аны андан ары талкуулоо мыйзамсыз болоорун эскертип, жыйын залынан чыгып кетти. Ага бир катар депутаттар кошулду. Натыйжада Мыйзам чыгаруу жыйыны өз отурумун токтотууга мажбур болду. Азимбек Бекназаровдун айтымында, мыйзамдын түп нускасы кыргызча варианты болуп саналат. Ошондуктан мыйзамдын мамлекеттик жана ырасмий тилде жазылган варианттары катар келип, кабыл алууда эки вариантта айырмачылыкка жол бербөө маанилүү.

XS
SM
MD
LG