Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Израилдин президенти Моше Катцав төрт күндүк визит менен Францияга келди


Ири бизнесмендер тобунун коштоосунда келген Катцав француз президенти Жак Ширак, премьер-министр Жан-Пьер Раффарэн жана тышкы иштер министри Доминик де Вильпен менен жолугушат деп күтүлүүдө.
Бул сапар эки тарап ортосундагы кээ бир пикир келишпестиктерди жоюу максатын көздөйт. Париж оккупацияланган палестин аймактарындагы Израилдин аракеттерин сындап жүрсө, Тел-Авив Франциядагы антисемитизмдин өсүшүнө камтамачылык билдирип келатат.
Франциянын айрым саясий топтору менен укук коргоо уюмдары Иордандын батыш жээгинде коргонуу дубалын курууга нааразычылык билдирүү иретинде демонстрация өткөрүүнү пландап жатканын кабарлашкан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG