Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Кытай Ливиянын өзөктүк долбооруна тиешеси бар болушу мүмкүн


Айрым америкалык басылмалар Ливияда табылган өзөктүк куралдын долбоору Кытайда жасалган деген адистердин пикирлерин жарыялашты.
“Вашингтон Пост” гезитинин жазышынча, Кытай аларды 1980-жылдары Пакистанга берген болушу мүмкүн. Кийинчирээк ошол документтер пакистандык аткезчилер тарабынан Ливияга сатылган деп түкшүмөлдөшөт эксперттер.
Кытай тилинде жазылган текст менен коштолгон документте өзөктүк бомбаны өнүктүрүүнүн деталдары камтылган.
Чалгындоо кызматтары көптөн бери эле Пакистан өзүнүн алгачкы өзөктүк куралын Бээжиндин жардамы менен жасаган деп болжолдоп келатышкан.
Ливияда колго түшкөн кагаздар эксперттер тарабынан олуттуу далил катары сыпатталууда.
Гезиттин жазышынча, документ америкалык, британиялык жана Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин адистери тарабынан иликтенип чыккан.
Бирок бул кабар расмий тастыктала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG