Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Индия менен Пакистан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү башташты


Индия менен Пакистандын расмий өкүлдөрү бүгүн Исламабадда чогулуп, үч жыл мурун үзгүлтүккө учурап калган диалогду жандантышты. Жолугушуулардын чордонун Кашмир провинциясы боюнча жылдар бою уланып келаткан араздашуу түзүүдө. Тараптар талаштуу чөлкөм боюнча эмки сүйлөшүүлөрдүн даталарын жана структурасын аныктоого тийиш.
Индиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Наватай Сарна алгачкы сүйлөшүүлөрдөн кийин мындай деди:
- Индия менен Пакистан делегацияларынын баарлашуулары жылуу жана конструктивдүү маанайда өттү. Чабармандар көп маселелерди камтыган мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн процедураларын жана мөөнөтүн талкуулашты.
Үч күндүк саммит Пакистандын премьер-министри Первез Мушарраф менен Индиянын өкмөт башчысы Атал Бехари Важпайинин өткөн айдагы жолугушуусунда жетишилген макулдашууга ылайык уюштурулган.

XS
SM
MD
LG