Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Иракта дагы эки америкалык жоокер окко учту.


АКШ армиясынын өкүлдөрү бүгүн Иракта эки башка кол салуудан америкалык эки аскер набыт болгонун кабарлашты.
Багдадда АКШнын конвою бараткан жолго бомба коюлуп, бир жоокер окко учту. Бирөө жарадар болду.
Бакуба шаарындагы жарылуудан болсо бир аскер набыт болуп, төртөө жаракат алышты.
Дагы бир маалыматка караганда, Ирактын мурдагы парламент спикери 9 айдан кийин абактан бошотулду. Саддун Хамади Ак Үй издөө салган мурунку режимдин 55 төбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген эмес.
Америкалык өкүлдөр Хаммадинин бошотулушу боюнча комментарий жасаша элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG