Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Россиянын президенти Владимир Путин Ясенево аквапаркындагы кырсык үчүн күнөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды


Бүгүн куткаруучулар урандылардын алдында тирүү калгандарды издөөнү токтотушту.
Баш калаанын мэри Юрий Лужковдун ырастоосунда, аман калгандарды табууга эч кандай үмүт калган жок.
Ишемби күнү кечинде аквапарктагы бассейндин чатыры урап, каргашадан 25 киши мерт кетти, жүздөн ашыгы ар кандай жаракаттар менен оруканаларга жеткирилди, 17 адамдан дайын жок.
Мэр Лужков прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогонун кабарлады:
- Москванын өкмөтү Мамлекеттик курулуш комитети менен бирге атайын комиссия түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Комиссия курулуштун долбоорун анализдеп чыгууга тийиш. Анын жыйынтыктары жөнүндө кеңири коомчулукка жана жетекчиликке отчет берилиши керек.
Баш прокурордун орун басары Владимир Юдин болсо буларды кошумчалады:
- Бүгүн курулушка тиешеси бар бардык компаниялардын -подрядчиктердин, заказ бергендердин, куруучулардын документтерин камакка алдык. Алар тергөө жана соттук экспертиза маалында жакшылап иликтөөгө алынат.
Россиянын мамлекеттик телеканалынын маалыматы боюнча, бассейнди курган түркиялык “Кожак Иншаат” фирмасы менен имараттын жергиликтүү архитекторлору убактылуу түрдө лицензияларынан ажыратылышты.
Москванын жетекчилиги ураган имараттын үлгүсүндө курулган шаардагы бардык спорттук жана башка коомдук комплекстерди текшерип чыгууга буйруду.

XS
SM
MD
LG