Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

ОРУСИЯ МЕНЕН МАМИЛЕЛЕРИН ГРУЗИЯ ЖАКШЫРТУУГА КЫЗЫКДАР


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/78F030C7-81EA-4657-BA56-B6FA39B67AEE_w203.jpg Грузиянын жаңы шайланган президенти Михаил Саакашвили 10-11-февралда Маскөөгө келип, орус жетекчилери менен жолукту. Президент Владимир Путин менен кездешип сүйлөшкөндө, Саакашвили аны менен дос болууга ниеттенгенин да билдирди. Путин аны кубаттаганы менен, эки өлкө ортосундагы мамилелердин жакшырганы иштерден көрүнөт деп айтты.

Акыркы жылдарда Орусия менен Грузия ортосундагы мамилелер өтө эле начарлап кеткен жана ага себеп көп болчу. 1990-жылдардын башында Абхазия өз эгемендүүлүгүн жарыялаганда, Маскөө ага аскерий жардам көрсөткөнү белгилүү. Түштүк Осетия менен Ажария дагы Тбилисиге көп баш ийбей келгенин көпчүлүк эксперттер Маскөөнүн колдоосу менен түшүндүрөт. Аны менен катар, чечен жоокерлери Грузиянын аймагында жашынганы тууралуу да көптөгөн фактылар бар жана мындан бир-эки жыл мурда Маскөө Грузиянын кээ бир аймактарына ракеталык чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүн карап, Тбилисини коркуткан.

Акыркы жылдарда Грузияга америкалык аскерий кеңешчилер келгени да Маскөөнү өтө тынчсыздандырган жана былтыр күзүндө грузиялык оппозиция президент Эдуард Шеварднадзеге каршы ачык күрөш баштаганда, Орусиянын маалымат каражаттары менен саясатчыларынын көпчүлүгү аларды улутчул деп атап, алдын ала терс баалаган. Бирок ноябрда Шеварднадзе кызматынан кеткенде, Саакашвили - президент болуп шайланаары менен ал эң биринчи расми сапар менен Маскөөгө бара турганын билдирген.

11-февралда Кремилде Владимир Путин менен жолукканда, Саакашвили аны менен дос болууга ниеттүү экенин айтты: "Чындап айтканда, мен Маскөөгө сиз менен достошуу үчүн келдим. Орусия улуу дөөлөт. Биз, албетте, кичине өлкөбүз, бирок биздин өзүбүздүн кызыкчылыктарыбыз, өз намысыбыз, өз тарыхыбыз бар. Биздин тарых Орусия менен байланышкан, аны биз жакшы билебиз. Ошондуктан биз бардык маселелерди дароо чече албасак дагы, кандайдыр бир оң жыйынтыкка келе алабыз деп мен ишенем."

10-февралда Саакашвили Маскөөдөгү Эл аралык байланыштар институтунун студенттери менен жолукканда, Маскөө менен болгон байланыштарды Тбилиси жакшыртууга өтө кызыкдар экенин айткан, жана Путин жолугушуу учурунда аны эске салды: "Урматтуу президент, Грузияда жана чет өлкөдө, өзгөчө кечээ күнү студенттерге сиздин айткандарыңызды биз кунт коюу менен уктук. Мунун баары оң жылыштын белгилери, алар Орусия менен Грузия ортосундагы мамилелерди оңдоого багытталган".

Анткен менен президент Путин дагы, көпчүлүк орусиялык эксперттер дагы билдирген пикирге караганда, эки өлкө ортосундагы мамилелер айтылган сөзгө караганда, жасалган иштерге жараша өнүгөт. Иштер болсо азырынча татаал. 1999-жылы өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыйынында Маскөө өзүнүн Грузиядагы эки аскерий базасын чыгарып кетүүгө убада берген. Тбилиси азыр Ахалкалаки менен Батумидеги базаларды үч жылдын ичинде жоюуну талап кылууда, Маскөө болсо жети жыл сурап жатат. Грузиянын курамында калып, бирок Тбилисиге дээрлик баш ийбей калган үч жумурияттын маселесин дагы Тбилиси Маскөөсүз чече албайт. Январда болсо АКШ жетекчилиги Грузия менен аскерий кызматташууну күчөтө турганын билдирди. Анткен менен грузиялык жана орусиялык прокурорлор Маскөөдө кылмышкерлерди кармап, бир-бирине өткөрүп берүү тууралуу макулдашууга кол койду.

Орусиянын ВЦИОМ институту январда өткөргөн сурамжылоо көрсөткөндөй, суралгандардын 20 гана пайызы эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшы деп атаган. 10-февралда Саакашвили "Эхо Москвы" атуу үналгыга келип, түз ободо маек жүргүзгөн учурда радио өз угуучулары арасында сурамжылоо жүргүзсө, алардын 70 пайызы мамилелердин оңолооруна ишенгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG