Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

ИСЛАМАБАДДА ИНДИЯ-ПАКИСТАН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ БАШТАЛДЫ


Дүйшөмбү күнү Исламабадда Индия менен Пакистан дипломаттарынын сүйлөшүүлөрү башталды. Мындай мүнөздөгү жолугушуу акыркы үч жылга жакын убакыттан бери алгачкы жолу өтүп олтурат. Дипломаттар бул ирээт Кашмир чатагы, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы жана башка олуттуу маселелер боюнча болочок сүйлөшүүлөрдү уюштуруунун жол–жоболорун талкууламакчы.

Исламабаддагы сүйлөшүү үч күнгө созулат. Айрым батыш гезиттеринин баяндамачылары белгилегендей, ал Индия менен Пакистандын мамилесинде адаттан тыш жагымдуу атмосфера өкүм сүрүп турган учурга туш келди. Кашмирдеги чек ара тилкесинде азыр мурдагыга салыштырмалуу тынчтык сакталууда. Пакистанды Индиянын аймагына өтүп жаткан исламчыл согушкерлерге колдоо көргөзгөнү үчүн айыптап жүргөн расмий Дели соңку кездери мындай дооматтарын да азайткансыды. Пакистан президенти Первез Мушарраф өз тарабынан исламчыл согушкерлердин аракетин тыюуну убада кылууда. Ал эгер Кашмир маселесинде Индия ийкемдүүлүккө барса, Пакистан да ушундай эле кадамды жасаарын айткан.

Үч жылга жакын убакыт тыныгуудан кийин сүйлөшүүлөрдүн кайра жандануусуна Пакистандын президенти Первез Мушарраф менен Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаинин өткөн айдын башында Исламабадда болгон жолугушуусунан кийин жол ачылды. Түштүк Азия өлкөлөрүнүн саммитинин алкагында жолуккан эки лидер тезинен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону макулдашкан эле. Президент Первез Мушарраф андагы билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгилеген:

- Бул – аягы эмес, башталыш гана. Бул - жакшы башталыш. Биз алдыга ак–ниеттүүлүк жана бири–бирибизге ишенүү менен жылабыз. Алдыга жылуу үчүн Пакистан өз ролун натыйжалуу жана чын дилинен аткарат.

Ал эми Индиянын өкмөт башчысы Атал Бихари Важпаи Исламабадда болгон учурунда буларды айткан:

- Биз Жамму жана Кашмир маселеси боюнча сүйлөшүүдөн эч убакта качкан эмеспиз.Биздин ишенимибизде (жана бул туура ишеним), Жамму менен Кашмир - Индиянын бир бөлүгү. Бирок биз бул жөнүндө ачык айтууга да даярбыз. Менимче бул маселе боюнча негиздүү сүйлөшүү болгон эмес. Эл аралык коомчулук биз маселени түздөн–түз, өз ара чечүүбүз керектигин айтууда. Бул убакытты талап кылат.

Айткандай эле Индия менен Пакистанга эки өлкө мындан жарым кылымдан ашуун илгери, 1947-жылы Британиядан көз карандысыздык алгандан кийин мураска калган Кашмир маселеси али узак сүйлөшүүлөрдү талап кылаары айныксыз. Кашмирдин айынан Индия менен Пакистан эки ирээт согушкан. 1999 жана 2002-жылдары да өзөктүк куралга ээ эки өлкөнүн чек арасында согуш чыгып кетчидей кырдаал түзүлгөн эле. Эки өлкөнүн лидерлери 2001-жылдын июль айында Индиянын Агра шаарында өткөргөн саммит ошол жылдын декабрында Индия парламентине жасалган кол салууга байланышкан окуялардын эпкини менен маанисин жоготкон.

Ал эми дипломаттардын деңгээлиндеги азыркы жолугушуу, пакистандык расмий өкүлдөрдүн бири мүнөздөгөндөй, "сүйлөшүү жөнүндөгү гана сүйлөшүү". Тараптар Кашмир чатагы, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы жана башка олуттуу маселелер боюнча болочоктогу сүйлөшүүлөрдү уюштуруунун убактысын, жол–жоборлорун талкуулашмакчы. Сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгү болсо, пакистандык дипломаттардын айтымында, апрель айынан кийин гана башталат сыяктуу. Себеби апрелде Индияда кезектеги парламентик шайлоо өтүп, анын соңунан өлкөнүн жаңы өкмөтү куралат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG