Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

АКЫЛ ЭМГЕГИ КАНДАЙ БААЛАНЫП ЖАТАТ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда жаңы нерсе ойлоп таап, анысына атайын патент алгандар бар. Алардын ичинде уникалдуу нерсе жаратуу менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бургандар да жок эмес. Интеллектуалдык менчикти каттоо жана ага болгон укукту коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Роман Оморов бүгүнкү маалымат жыйынында кыргыз жергесинде бир жылда ойлонулуп табылган жаңылыктардын 5-6% гана турмушка киргизилип жатканын билдирди.

Быйыл баш-аягы 400дөн ашык адам өзү ойлоп тапкан ачылышынтарын каттоону жана патент берүүнү өтүнүптүр. Бирок, анын баары эле кыргызстандыктар эмес. Жарымынан көбү Евразия системасы аркылуу кыргыз жергесинде өз автордук укугун коргоону каалаган чет элдиктер. Роман Оморов билдиргенге караганда, кыргызстандыктар да ойлоп тапкычтык жактан артта эмес. Айрым окумуштуулардын ачылыштары «ноу- хау» болуп, дүйнөлүк коомчулуктун кызыгуусун жаратууда.

- Кыргызстанда дүйнөлүк коомчулукту кызыктырып аткан өзгөчө ойлоп табуулар бар, - дейт Роман Оморов. - Мисалы, Сарымсак Абдраимов деген окумуштуунун ойлоп таакандары чет мамлекеттерде эчактан бери пайдаланылууда. Ал эми Мамбетов деген окумуштуу ойлоп тапкан металл эритмелери космосто, авиациялык курулушта керектелет. Азыр анын ойлоп табуусун Голландия жана Германия сурап атат. Кыргызстанда жылыга ойлоп табуулардын 5-6% гана турмушка колдонууга алынат. Бул деген аз да эмес, көп да эмес. Мисалы, Жапонияда деле бир жылда 400 миңдей ойлоп табуу катталат. Бирок 5-6% гана турмушка алынат.

Мындай уникалдуу ойлоп табууларды эгерде чет мамлекеттер пайдаланса, авторго калем акы төлөөгө милдеттүү. Адистердин айтымында, андай окумуштуулар эч качан ойлоп табуусунун сырын ачпайт жана келишимди ал өлкөлөр менен түздөн -түз жүргүзүп, дароо калем акысынын да өлчөмүн сүйлөшүп алышат. Баса, Кыргызпатентке автордук укугу бузулгандар да көп кайрылышат. Кыргызстанда буга чейин авторго «акы төлөбөй пайдаланды» же «уруксатыз пайдаланды» деген дооматтар сотко чейин жеткен окуялар көп эле болуптур. Бирок адистер андай учурларды ачыкка чыгарышпайт.

Кыргызпатент обончулардын, ырчылардын жана акын- жазуучулардын да укугун коргогон мекеме. Мыйзамга ылайык, теле-радиолордон тартып, уюштурулган концерттерге чейин аларда пайдаланылган ар бир чыгармага акы төлөнүшү керек. Роман Оморовдун айтымында, айрыкча Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы пайдаланган музыкалык чыгармалар үчүн акы төлөбөй келет. Былтыр Кыргызпатент авторлорго баш аягы 900 миң сом гонорар которуптур. Ал эми мындай автордук укукту коргоочу уюмдар менен калем акы төлөө тууралуу келишим бар болсо чет элдик обончуларга да төлөнүшү керек. Кыргызстанда Түркия жана Орусия менен ушундай келишим бар. Роман Оморовдун айтымында, Орусиянын 10 миңге чукул авторуна жылыга гонорар жөнөтүлөт. Мисалы эң көп акы алганы Алла Пугачева. Бирок ал канча алды - бул жарыя кылынбачу маалымат экен. Ал эми Түркиянын белгилүү ырчысы Тарканга да былтыр калем акы жөнөтүлдү. Ал каражаттын өлчөмү да жашыруун. Келечекте алыскы чет өлкөлөр менен ушундай келишимдер түзүлсө азыр кыргыз журтчулугу угуп аткан Мадонна, Майкл Жексондорго да Кыргызстан гонорар төлөп калышы ажеп эмес. Ал эми Кыргызстанда интеллектуалдык менчиги үчүн эң көп гонорар алып аткан Чыңгыз Айтматов экен. Ал эми ырчы- обончулардан Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев, Токтобүбү Черикчиеванын ысмы аталды.

Кыргызстан интеллектуалдык менчик боюнча дүйнөлүк уюмга мүчө болгонуна 10 жыл болду. 179 мамлекет мүчө болгон бул дүйнөлүк уюмдун арты менен 20дан ашык эларалык документтерге кол коюлган. Кыргызстанда бул дүйнөлүк уюмдун алтын медалын алган 7 киши бар.
XS
SM
MD
LG