Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Израил президентинин Франциядагы сапары уланууда


Израилдин президенти Моше Катцав Франциядагы төрт күндүк сапарын дүйшөмбү күнү президент Жак Ширак менен кездешүүдөн баштады. Визиттин максаты - эки өлкө арасындагы байланышты чыңдоо.
Кечээ кечинде Парижде жөөт бийликтеринин Батыш Иорданды Израилден бөлгөн коопсуздук коргонун куруусуна каршы нааразычылык акциясы өттү. Нааразылык жыйынына 300 чамалуу адам, анын ичинде ондон көп саясый партиялар менен уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алардын арасында Жашылдар партиясы менен Адам укугу лигасынын өкүлдөрү да болушту.
Президент Ширак коргондун курулушун мурда эле “мыйзамсыз” деп атаган. Израил өкмөтү бетон дубал палестиналык жанкечтилердин чабуулунан коргонуу үчүн зарыл экенин айтып актанууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG