Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

ИРАНДЫН БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРЫ ЖАНА САЯСИЙ АКТИВИЗМ


Жаңыл Жусубжан Иранда бейөкмөт уюмдардын саны соңку жылдары кескин көбөйдү. Активисттер айлана-чөйрөнү коргоо жана балдардын укуктары сыяктуу маселелерге коомдун көңүлүн бура алышканын айтышат. Атуулдук коомдун уюткусу болгон бул тармак ошондой эле, чектелүү таризде болсо да, саясий укуктардан эркин пайдалана албаган ирандык жаштарга өз оюн элге жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстан менен Иранды бир-бирине салыштырыш татаал, түбү мусулман экени болбосо, аймагы, географиясы, калкынын саны, мамлекеттик түзүлүшү боюнча экөө - эки ача багытта өнүгүп келаткан улуттар. Ошентсе да, бейөкмөт уюмдар жаатында айрым окшоштуктар жок эмес. Эки өлкөдө тең мындай уюмдар акыркы 10-15-жылдан тартып гана канат жая баштады. Экөөндө тең мындай уюм өкмөттөн каражат алса, күн карама болуп калат. Иранда да, Кыргызстанда да бейөкмөт уюмдар коомдун дискриминацияланган катмары - үнү бийликтин жети кабат мунарасына жетпеген аялдардын жана ошондой эле жаштардын күчү менен кармалып турат.

Ортодо айырмачылыктар да жок эмес. 70 миллиондуу Иранда 8 миң чакты гана бейөкмөт уюмдар бар. Ал эми 5 милллиондуу Кыргызстанда алардын саны эбак 3 миңден ашкан. Кыргызстан салыштырмалуу эркин өлкө, ошондуктан өкмөт атуулдук коомдун сөзүнө караманча кулак салбай кое албайт. Ошол эле кезде Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар негизинен чет элдик, биринчи кезекте, Батыштык сүрөөнчүлөрдүн моралдык жана материалдык колдоосу менен тирдигип келатат. Ал эми дүйнөлүк коомчулуктан обочодо турган, исламдык теократия үстөмдүк кылган Иранда бул уюмдар көбүнесе өздөрүнүн тапкан-ташыганы жана өкмөт бөлгөн жарыбаган каражат менен иш жүргүзүшөт. Ошого жараша бул уюмдарга эптеп грант алып, курсагын кампайтканды ойлогондор эмес, бекем карманган идеалдары бар, өз кызыкчылыгынан элдин көйгөйүн өйдө койгон нагыз активисттер келет деп болжолдоого болот.

Анда ирандык активисттердин өздөрүн угуп көрөлү. Жакында Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган ирандык адвокат Ширин Эбади менен бирге «Балдардын укуктарын коргоо коомун» түзгөн Шива Долатабадинин айтымында, Иранда бейөкмөт уюмдардын сектору ыкчам өнүгүп жатат:

- Бул кыймыл өз жолун таап кетти десем туура. Жаңы бейөкмөт уюмдар күндө түзүлүп жатканын көрүп жатабыз. Башында бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө кирүү кыйын эле, анткени уюмдун уставын каттатууда кыйынчылыктар бар болчу. Уюмдардын саны өскөн сайын, ушул кыйынчылыктар да жеңилдеп жаткан сыяктанат.

Шива Долатабанинин уюму бала бакчаларын ачып, балдардын укуктары боюнча машыктыруу жана агартуу иштерин жүргүзүп келет.

Иранда жамааттык соопчулук уюмдары эбактан эле бар. Бирок жаңы уюмдар бир чети эларалык тенденцияга баш ийсе, бир чети өлкөнүн ички суроо-талаптарынан улам көбөйүүдө. Алар түздөн-түз соопчулук иштерине караганда, коомду өнүктүрүүгө жана социалдык кеңири проблемаларды чечүүгө артыкчылык беришет.

Иранда аялдар жана калктын 65 пайызын түзгөн жаштар саясаттан четте турат. Калктын дал ушул катмары бейөкмөт уюмдарда маанилүү рол ойношот. Тегеран университетинин профессору Виктория Жамали мындай дейт:

- Биздин жаш муундар Ирандын өнүгүшүнө кесепетин тийгизген проблемаларды жакшы билишет. Алардын түшүнүгү өскөн сайын соңку жылдары бейөкмөт уюмдардын саны да көбөйүп жатат.

Профессор Жамали – Ирандагы эң таасирлүү экологиялык уюмдардын бири болгон «Аялдар айлана-чөйрөнүн булганышына каршы" коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

Дагы бир активист Сейед Жавид Аледавуддун ишениминде, плюралисттик саясий системанын жоктугунан улам, акыйкаттык издеген ирандыктар бейөкмөт уюмдарга агылып келишүүдө:

- Социалдык активдүүлүктүн бир гана жолу – бейөкмөт уюм түзүү болуп саналат.

Аледавуд – «Айбанаттарга карата ырайымсыз мамилени алдын-алуу" коомунун Ирандагы бөлүмүнүн директору.

Активисттер Иранда бейөкмөт уюмдарды каржылоо боюнча мыйзамдар чектөөчү мүнөзгө ээ, каражат тартыш жана көп уюмдарга тажрыйба, кесипкөйлүк жетишпейт дешет. Мындан тышкары, өкмөт алардын жүйөлүү сөзүн кулагынын сыртынан кетирет, мисалы экологиялык уюмдар өкмөттүн жол куруу долбоорлоруна жана чет элдиктерге чектөөсүз аңчылык кылуу лицензиясын берүүгө каршы демонстрацияларды өткөрүшкөн, бирок мындай аракеттен жыйынтык боло элек. Ошентсе да, бейөкмөт уюмдар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана жаратылышты коргоо боюнча коомдук пикирди козгой алышты. Ал эми балдардын укуктарын коргоо коомунун өкүлү Шива Долатабади бул уюмдар Иранда атуулдук жоопкерчилик сезимин ойготуп жаткандыгын чоң огожо деп эсептейт:

- Менимче, бейөкмөт уюмдар жамааттык жигердүүлүккө жана демократияны иш жүзүнө ашырууга абдан жагымдуу таасир тийгизип жатат. Бул үмүттүү жышаана, анткени кээ бир атуулдар өз убактысын коомдук ишке жумшайт деген идеянын өзү эле коомдун өнүгүшүндө абдан маанилүү рол ойной алат.
XS
SM
MD
LG