Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

ТОРУГАРТТАГЫ УУЛУУ ЗАТ КАЛДЫКТАРЫ, КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КАРШЫЛАР КИМДЕР? «АЛАТОО» АЯНТЫН ЖАҢЫЛОО ДЕМИЛГЕСИ


Кыргызстандын Торугарт чегарасында радиоактивдүү уулуу зат калдыктарынын таштандысы чогулганына жети жыл болду. Зыяндуу калдыктарды жыйнап, аны башка жерге алып барып жок кылууга өкмөттүн чамасы жете элек. Парламент тарабынан кабыл алынган мамлекеттик тил мыйзамын орус тилине каршы коюп, жаманатты кылуу аракети башталды. Бишкектин чок ортосундагы “Алатоо” аянтын кайрадан куруп чыгуу демилгеси аркыл пикирлерди жаратууда.

Торугарт текшерип-өткөрүү пунктунун бейтарап тилкесинде темир таштандылардын өзүнчө бир тоосу пайда болгон. Шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезитинин маалыматы боюнча, уулуу зат калдыктарын таштандыга төгүү 1997-жылдан башталган. Кытай бажыканасы Кыргызстандан барган курамында адам өмүрүнө зыяндуу заттар бар темир таштандыларын чегарадан өткөрбөй, артка кайтарып жиберишет. Кыргызстандын бажы кызматы тартылып бараткан жүктүн адамга зыяндуу же зыянсыз экенин текшербейт.

«“Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз” чакырыгы өз милдетин өтөдү. Улут маселесинде биз дагыле советтик моделден чыга элекпиз», деп белгилейт “Демократ” гезитинде Эдил Байсалов. Автордун жазганына ынансак, кыргыздар Волга боюнан Амур дарыясына чейинки кең мейкинди ээлеген. Ал көптөгөн элдер менен мамиле-катыш түзүп, алака жасап келген. Ошондуктан кыргыз тарыхын чагылдырууда республикада жашаган майда улуттардын өткөнүнө да кайрыла кетүү оң. “Бул ыңгайда кыргыз тили республикада жашаган башка улуттардын башын кошуп, этникалык жалпылыкты түзүүгө чоң өбөлгө түзөр эле”, деп белгилейт автор.

Президент А.Акаевдин мамлекеттик кызматкерлерди жупуну жашоого өтүү чакырыгы азырынча коомдук колдоого алынбай жатканы Лейла Саралаеванын макаласында козголгон. Белгилүү оппозициячы Топчубек Тургуналиев президенттин той-ашты азайтып, агылып-төгүлмөйдү токтотуу сунушу өтөле кеч айтылды деп эсептейт. “Бийликте отургандар 12 жылдан бери той-аштан колу бошобой элди жакырлыктын сазына батырып койду”, дейт Т.Тургуналиев.

Бишкектин “Алатоо” аянты Москванын Кызыл аянтынан эки эсе чоң. Ошондуктан аны кайрадан жасап чыгууну чечкен кыргыз өкмөтүнүн аракетин шейшембидеги “МСН” гезитинде парламент депутаты Т.Усубалиев сынга алды. “Бүткөн ишти кайра жасоого өкмөттүн 450 миң сом бөлүп бергени мени таң калтырат”, дейт Т.Усубалиев. Анын ою боюнча, өкмөт кылаарга жумушу жоктон бетер шаардын башкы аянтын гана айланчыктап калды.

Постсоветтик республикалардын дээрлик баарында эң төмөнкү айлык акы белгиленген. “Орусияда ал 15 долларды, Белорусияда 10 долларды, Молдовада 9 долларды, Кыргызстанда 2 долларды түзөт. Социалдык чөйрөдөгү абал баарында тең кыйын”, деп маалымдайт “МСН” гезити. Минималдуу эмгек акынын өлчөмү азыноолок гана көтөрүлгөнү менен минималдуу керектөө корзинасы кескин жогорулоодо. Мунун натыйжасы катары 1990-жылдардан бери бул өлкөлөрдө кедейлердин саны 6 эсе көбөйдү. Бириккен улуттар уюмунун чен-өлчөмү боюнча күнүнө 4 доллардан таба албаган адам жакыр деп эсептелет. Кыргызстанда орточо айлык акы 25 долларды түзөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чечилбеген маселелер көп. Бул чегара проблемасы, суу маселеси, мина коюлган жерлер, экономикалык карым-катыштын азайышы. Анткен менен эки өлкө ортосунда өз ара түшүнүүчүлүк да орун алганын, анын бир мисалы катары Өзбекстандагы кыргыз анклавы Барак кыштагы менен каттоонун жеңилдетилгенин айтса жарашат, деп белгилейт шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелерге арналган макаласында. Өзбекстанда 54 кыргыз тилиндеги мектеп иштейт. Жакында Анжиян университетинде кыргыз факультети ачылды.

Мамлекеттик тил мыйзамына каршы чыккандар улутташтарыбыздан экенин шейшембидеги “Кыргыз туусу” жазып чыкты. Бу мыйзамдын “айланасында айрым бир чолок акыл саясатчылар, баягы советтик доордон бери өздөрүнүн билимсиздигин, жетесиздигин бир тилди экинчи тилге каршы коюу менен жаап-жашырууга жедеп маш болуп бүтүшкөн ич арадан чыккан “киргиздер”, ошондой эле “арадай жерден чарадай” чуу чыгарууга “адистиги” күч ар түркүн түстөгү жазмакер сөрөйлөр” саясий чалмакей жасап жатышат, деп жазат М. Тентимишев ушул гезиттеги макаласында.

“Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча 1992-жылдагы келишим жыйынтыксыз болуп, мамлекеттик казынага күткөн киреше түшпөгөнүн “Кыргызалтын” акционердик коомунун жетекчиси Камчыбек Кудайбергенов ушул эле гезитте жарыяланган маегинде ырастады. Анын айтымында, алтын кенинен табылган акчанын 72% канадалык компанияга тийип, республикага 30% гана калчу. К.Кудайбергенов “90-жылдардагы башкы келишим кыргыз тараптын буту-колун бууп” койгон деп эсептейт. “Ошондуктан реструктуризациялоонун натыйжасында алынчу 115 миллион доллар Кыргызстан алууга тийиш болгон мурунку каражаттардан кыйла арбын”, дейт К.Кудайбергенов.
XS
SM
MD
LG