Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Өзгөн мунарасы коркунучтабы?


ОШ. Өзгөн шаар башчысы Махаматрасул Абакжанов маалымат жыйынында «Ош-Бишкек жолунун Өзгөн шаарын аралап өтүшү байыркы шаарга терс таасирин тийгизүүдө. Миңдеген жылдар бою турган Өзгөн мунарасын оор жүк ташуучу 20-30 тонналык машиналар 10-15 жылдын ичинде кулатып салбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, жол мунарага өтө жакын салынган», - деп билдирди. Анын айтымында, жолду шаардын чети менен айландырып салуу зарыл. Мындан тышкары Өзгөн шаарындагы 1600 үй-бүлө турак-үй куруу үчүн жер алуу кезегинде турат. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу жерден көчүргүлө деген 134 үй-бүлөгө да берүүгө жер жок. Шаар калкынын 52% гана таза суу менен камсыз болгон жана канализациядан кур жалак.

Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактору - Бекташ Шамшиев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG