Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы М.Мюллер Баткенде болду


БАТКЕН. Маркус Мюллер баштаган топ облус менен таанышуу максатында келди. Алгач облус губернатору Аскарбек Шадиев менен жолугушуп, облустун социалдык-экономикалык абалы жөнүндө кеңири маалымат алды. Жолугушууда губернатор жумушсуздуктун айынан элдин көпчүлүгү башка жактарга кетип жатканын, коңшу өлкөлөрдөн Баткен аркылуу өткөн баңгизаттарын бажы бекеттеринде текшерүүгө каражат, жабдуулардын жетишсиздигин белгиледи. Ал эми Маркус Мюллер чегарадагы мамилелерди бекемдөө жана облуска инвестиция тартуу иштерине көмөктөшөөрүн билдирди. Маркус Мюллер Өзбекстан менен Тажикстандын чектеш облустарынын жетекчилери менен «тегерек үстөл» жыйынын өткөрүү тууралуу губернатордун сунушун колдоду. ЕККУ өкүлдөрү «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун Баткендеги бөлүмүндө болушуп, алардын иши менен таанышты. Ошондой эле чегара аймактарында жашаган элге чегараларды тактоо иштерин түшүндүрүү максатын көздөгөн долбоорду биргелешип ишке ашырууну талкуулашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG