Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:51

Гаитиде козголоңчулар Гинш шаарын басып алышты


Адегенде алар полиция кеңсесине кол салып, үч кишини, анын ичинде полициянын башчысын өлтүрүштү. Өкмөттүк аскерлер шаарды таштап кетишти. Февралдын башынан бери уланып жаткан тополоңдо элүү киши мерт болду. Козголоңчулар президент Жан-Бертран Аристиддин бийликтен кетишин талап кылышууда. Президент оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнгө даяр экендигин билдирип,козголоңчуларды адам укуктарын урматтоого, жардамга муктаж элди саясий оюндарга тартпастан,аларга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG