Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Палестин премьери Израилдин өкмөт башчысы менен жолукканга үмүт кылат


Берлинде визит менен жүргөн Ахмед Куреи бейшемби күнү палестин жана жөөт өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу ийгиликтүү аяктаса, жакын аралыкта Израил премьер-министр Ариэл Шарон менен жолугуп каларына ишенич билдирди. Куреи Берлинде канцлер Герхард Шрөдер менен Израил куруп жаткан коргоо дубалына байланыштуу маселени талкууулады. Куреинин айтымында, бу коргондун курулушу тынчтык процессине жана “жол картасы” планын жүзөгө ашырууга эле эмес, биринчи кезекте келечектеги суверендүү палестин мамлекетине чоң салака келтире тургандыгы тууралуу сөз болду. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен да бу дубал Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу ишин үзгүлтүккө учурата тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG