Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Кыргызстан менен Пенза облусунун кызматташтыгы артышы ыктымал


БИШКЕК. Бишкектеги машина куруу заводу Орусиянын Пенза облусунан чыгуучу велосипеддерди чогулта баштайт. Мындай маалыматты бүгүн «Кабар» агенттиги таратты. Ал маалыматка караганда, Бишкек машина куруу заводу велосипедге керектүү жабдууларды алуу үчүн 500 миң сом которду жана алгачкы продукция март айынын аягына чейин чыгат деген божомол бар. Андан тышкары Кыргызстан менен Пенза облусу биргелешип, Кыргызстанда жүндү иштетүүчү фабрика курат. Анын продукциясы Пензанын «Сурская мануфактура» ишканасына жөнөтүлөт. Ал эми Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкулов ушул жазда Пензага иш сапар менен барып,ал жердеги ишканалар менен Бишкектеги «Айданфарм», «Интермедфарм» жана «Эт комбинатынын» ортосунда макулдашууга кол коюшу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG