Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Оппозиция өкүлдөрү “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды колдоого даяр


БИШКЕК. Бүгүн «Асаба» кайра жаралуу партиясы мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышына каршы митинг өткөрүү чакырыгы жазылган баракчалардын Бишкектин кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөргө чапталышына байланыштуу билдирүү таратты. Анда мындай аракет мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип, элдин ынтымагына чагым салган козутуу деп бааланды жана партия андай баракчаларды таркаткан адамдарды тезинен таап, мыйзам жоопкерчилигине тартылуусун тиешелүү органдардан талап кылды. Бул маселеге байланыштуу шейшембиде төрт саясий партиянын башын кошкон «Элдик конгресс» менен «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогу кезексиз жыйын өткөрдү. Анда эгер мамлекеттик тил мыйзамына каршы митинг өтө турган болсо ага жооп катары жалпы өлкө боюнча митинг, пикеттерди өткөрүү чечими кабылданды. Ал тууралуу «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынынын төрагасы Азимбек Бекназаров минтип билдирди:

- Бишкекте ушундай жыйын өтө турган болсо биз аны ырасмий бийлик уюштурган иш-чара деп эсептейбиз. Муну орус тилдүүлөр уюштурабы же «киргиздер» уюштурабы, бул - бизди кызыктырбайт. Эгер ошол жыйын өтчү болсо мен ага катышам. Ал милдет мага тапшырылды. Андан кийин биз жалпы Кыргызстан боюнча антимитинг, антипикет уюштурабыз.

XS
SM
MD
LG