Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

ДЕПУТАТТАР Н. ТАНАЕВДИ ЖАРГА ТАКАШТЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында премьер-министр Николай Танаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча маалымат берди. Жыйынга өкмөттүн толук курамы катышты.

Премьер-министр Николай Танаев палатага Кыргызстандагы азыркы социалдык-экономикалык абал жөнүндө маалымат берип, жалпысынан өлкөдөгү кырдаалды канааттандырарлык деп баалады:

- Жалпысынан, жыйынтыктап айтканда, өлкөдө туруктуу экономикалык өсүү үчүн бардык шарттар бар. Өлкөдө стабилдүүлүккө жетишүү орун алды. Макроэкономикалык кырдаал бекемделип жатат.

Депутаттардын премьер-министрге берген суроолору ар кандай тармактарга байланыштуу болду. Айрым суроолор алардын шайлоо округдарындагы маселелерди камтыды.

Бул күнкү отурумду алып барып жаткан палатанын төрага орун басары Кубатбек Байболов суроо берүүгө алгач сөздү депутат Алымбай Султановго берип, ал өкмөт башчысына «бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан завод, фабрикаларды айта аласызбы?» деген суроосун жолдоду. Бул соболго премьер-министр төмөнкүдөй жооп берди:

- Өнөр жай, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ишканаларынын баары бүгүнкү күндө жеке инвестициялардын эсебинен курулуп жатат. Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан бир да завод, фабрика жок. Бюджеттеги каражат мындай иштерге жетпейт.

Депутаттар Адахан Мадумаров менен Тайырбек Сарпашев өкмөттүн буйругу менен жер-жерлерде электр жарыгы өчүрүлүп жатканына калктын нааразылыгы күчөдү деп маалымдашты. Буга байланыштуу Николай Танаев:

- Өкмөт, премьер-министр маал-маалы менен калктын электр жарыгын өчүрүү жөнүндө буйрук берген эмес, - деп жооп узатты.

Бирок, депутаттарды өкмөт башчысынын мындай жообу канааттандырган жок. Адахан Мадумаров премьер-министрди «өлкөдөгү кырдаалды жакшы билбейсиз» деп сынга алды:

- Николай Тимофеевич, мен дагы ирет айтайын, сиз түзүлгөн кырдаал боюнча толук кабардар эмессиз. Сиз эмне тууралуу сөз болуп жаткандыгын түшүнбөй жатасыз. Учурда социалдык нааразычылык өтө коркунучтуу болуп турат.

Айрым депутаттар, алардын ичинде Алишер Сабиров, Бектур Асанов жана башкалар соңку мезгилде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жакшы болбой жаткандыгын белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы айрым маселелерди чечүү боюнча Ташкен менен кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берүүнү өтүнүштү. Андай маселелерге Кыргызстандын жүк ташуучу унааларынан алынган бажы жыйымдарынын өлчөмүн азайтуу, чегара маселелери кирет. Бул суроо боюнча премьер-министр Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринде түшүнбөстүктөр жок, ал эми аталган маселелер боюнча ырааттуу түрдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө деп билдирди.

Депутат Токтокан Боромбаева болсо, Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кампырабат суу сактагычындагы абал аталган райондун, ошондой эле Карасуу району менен Жалалабад облусуна караштуу Сузак районунун бир бөлүгүн жакын арада опурталдуу жагдайга дуушар кылышы мүмкүн деп эскертти. Бул маселе боюнча премьер-министр:

- Өзбекстандын өкмөтү менен биз бул маселе боюнча макулдашуу түзүүгө жетиштик. Эки тараптын адистери бул суу сактагычтагы суунун деңгээлин көзөмөлдөп турушат. Бул ишти өкмөт көз жаздымында калтырган жок, - деп жооп берди.

Арслан Малиев жана башка бир катар депутаттар Ыссыккөл, Чүй облусунун айрым райондорундагы турак-жайлардын астынан суу чыгып, жүздөгөн үйлөр жашоого жараксыз болууда жана бул жагдай калктын жашоосуна коркунуч туудуруп жатат деген тынчсызданууларын билдиришти.

Депутат Кубанычбек Жолдошев болсо быйыл мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акылары, пенсия жана жөлөкпул көбөйөбү деп кызыкты. Премьер-министрдин айтымында, мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акылары алгач 15%, 15-октябрдан тартып дагы бир жолу 15% жогорулайт. Быйыл пенсия менен жөлөкпулдар апрелден баштап 6% жогорулашы күтүлүүдө.

Депутат Исмаил Исаков премьер-министрге мындай суроо менен кайрылды:

- Сиз жетектеген өкмөт 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар үчүн мектептерде ысык тамак уюштуруу жөнүндө мыйзамды аткарабы? Алай районундагы жер көчкүлөрдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөр качан турак-жай менен толук камсыз болушат?

Буга өкмөт башчынын жообу мындай болду:

- Мектеп окуучулары үчүн ысык тамакка акча каражаты бул жылы бюджетте каралган эмес. Ал эми Алай районунда турак-жайсыз калган үй-бүлөлөрдүн баары турак-жайлуу болушту. Бирок, жашаган жерлеринен көчүрүлө турган үй-бүлөлөр да бар. Бул боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ал эми парламентарий Алымбай Султанов болсо ички иштер органдарынын ишиндеги кемчиликтерге токтолду. Өткөн жылы эле Бишкек шаарында заказ менен 9 адам өлтүрүлгөндүгү жөнүндө айткан депутат «Биздин шаар экинчи Чикаго айланып кетти. Бул качан аяктайт? Сиздер тарабынан кандай чечимдер кабыл алынып жатат?» деген суроосун ички иштер министри Бакирдин Субанбековго жолдоду. Министр мындай көрүнүш орун алып жаткандыгын моюнга алып, милиция органдарынын ишин жакшыртуу боюнча иштер аткарыла тургандыгын билдирди.

Депутаттардын бир тобу билим берүү тармагындагы айрым маселелерди айтышты. Алар айрым райондордогу мектептердин эскилиги окуучулардын өмүрүнө коркунуч туудурууда деп билдиришти. Кээ бир депутаттарды болсо шаарларда соңку мезгилде интернет-кафелердин көбөйүп кеткендиги окуучулардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизип, алардын сабактарды көп калтыруусуна себеп болуп жаткандыгын белгилешти. Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова бул маселе боюнча министрлик тиешелүү иш-чараларды көрүп жаткандыгын, маселен, интернет-кафелердин кечки саат 10го чейин гана иштөөсүн жана мектептерге жакын жайгашкан интернет-кафелерди жабуу боюнча иштер жасалып жаткандыгын маалымдады.

Премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү бейшембиде да депутаттардын суроолоруна жооп бермекчи.

XS
SM
MD
LG