Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

1-июлда Ирактагы бийлик америкалыктардан ирактыктардын колуна өтөт


Вашингтон 1-июлда Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берээрин АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кечээ, шейшемби күнү ырастады. “Бирок, Кошмо Штаттары Ирактын утурумдук өкмөтүн түзүү боюнча Улуттар уюмунун кеп-сунуштарын угууга даяр”. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан болсо өз сунушун аптанын аягында жасамакчы.

Ирактын америкалык администратору Пол Бремер жана Ирактын АКШ дайындаган Башкаруучу кеңеши ноябрда бекиткен планга ылайык, убактылуу өкмөткө Ирактын 18 провинциясынын өкүлдөрү кириш керек.

Бремер непада ирактыктар каалаган сунушту колдобой койсо, өлкөнү кризиске алып барышы мүмкүн экенин кечээ күнү Ирак ислам революциясынын Жогорку кеңешинин башчысы, шейх Садреддин Кубанжи эскертти. Жогорку Кеңеш шииттердин ыйык шаары Нажафта жайгашкан. Бремер дүйшөмбү күнү Башкаруучу кеңештин Ирактын убактылуу Конституциясынын негизи катары ислам канондорун алууга жол берилбесин кулак какты кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG